Меню навигации+

Жыйналыштары

Конституциялык палатанын жыйналыштары ачык өтөт.

Катышып отургандар жыйналыштын жүрүшүн өз орундарынан белгилеп жаза алышат. Мында жыйналышты киного жана сүрөткө, видеого тартууга, радиодон жана телевизордон түз берүүгө Конституциялык палатанын уруксаты менен жол берилет. Эгерде алар жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибине кийлигишсе, төрагалык кылуучу эскертүүдөн кийин, айрым адамдарды жыйналыш залынан чыгарып жибере алат.

Конституциялык палата мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жеке турмушундагы сырды жана коомдук адептүүлүктү коргоо зарыл болгон учурларда, жабык жыйналышты дайындайт.

Ишти жабык жыйналышта кароонун зарылдыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарылып, ал жыйналыш башталаар алдында жалпыга жарыяланат.

Жабык жыйналышка Конституциялык палатанын судьялары, тараптар жана алардын өкүлдөрү катышат. Сот өндүрүшүнө башка катышуучулардын катышуу мүмкүндүгү Конституциялык палата тарабынан аныкталат. Жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибин түздөн-түз камсыз кылуучу Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу судьялар менен макулдашуу боюнча төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.

Конституциялык палатанын жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:

1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун бузулушунан улам;

2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таасир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин, күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;

3) эгерде Конституциялык палата каралып жаткан ишти жетиштүү даярдалган эмес деп тапса;

4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбаганынан улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;

5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде андай жагдайларды сот жыйналышынын жүрүшүндө жоюу мүмкүн болбосо.

Конституциялык палатанын жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Сот жыйналышын кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууда, Конституциялык палата жыйналыш которулган датаны дайындайт.