Меню навигации+

Кыргыз Республикасында конституциялык контролдоо органынын

калыптануу жана өнүгүү тарыхы

Кыргызстандын тарыхында конституциялык контролдоо институту – Кыргыз ССРнин Конституциялык көзөмөл комитети «Кыргыз ССРнин Конституциясына (Баш Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1989-жылдын 23-сентябрындагы Мыйзамы менен түзүлгөн.

Конституциялык көзөмөл комитетинин негизги максаттары катары мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын актыларынын Кыргыз ССРнин Конституциясына ылайык келүүсүн камсыздоо, Кыргыз ССРнин аймагында жашаган инсандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин, элдин укугун, советтик коомдун демократиялык негиздерин коргоо болуп аныкталган.

Конституциялык көзөмөл комитети Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши менен курамында саясат жана укук жаатындагы адистерден турган Комитеттин Төрагасы, Төраганын орун басары жана 7 мүчөсү он жылдык мөөнөткө шайланган.

Конституциялык көзөмөл комитетинин ишмерлигинин тартиби «Кыргыз ССРнин Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз ССРнде конституциялык көзөмөл жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1990-жылдын 12-апрелиндеги мыйзамдары менен такталган.

Конституциялык мыйзамдуулуктун кепилдиктерин күчөтүү максатында, «Кыргыз ССРнде мамлекеттик бийлик органдар системасын кайра уюштуруп, башкаруу жана Конституцияга (Баш Мыйзамга) өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРнин 1990-жылдын 14-декабрындагы Мыйзамы менен Кыргыз ССРнин Конституциялык көзөмөл комитети жоюлган жана ССР республикаларынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз ССРнин Конституциялык соту түзүлгөн.

1991-жылдын август айында Кыргызстан эмгемендүүлүгүн жар салгандан жана 1993-жылы 5-майда жаңы Конституцияны кабыл алуудан тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп аныкталган.

Конституциялык соттун ишмерлигинин уюштурулушу, компетенциясы жана тартиби Конституцияда, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө» мыйзамдарда каралган.

Конституциялык соттун төрагасы (төрайымы), анын орун басары жана жети судьясы Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан он беш жылга шайлануучу.

Өлкөдөгү коомдук-саясий, укуктук чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөр мамлекеттик бийлик органдар системасынын кайра уюштурулушуна, анын ичинде мамлекеттин өзгөчө чечимине чейин Конституциялык соттун ишмерлигин 2010-жылы 7-апрелде токтотууга алып келген.

2010-жылы 27-июнда Конституция менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлдү.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту анын укук мураскери болуп саналат.

2021-жылдын 11-апрелинде ɵткɵрүлгɵн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжасында жаңы Конституция кабыл алынган, ал Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилген. Кабыл алынган Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту түзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укук мураскери, конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат, Конституциялык сот бардык башка коомдук бийликтен көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана баш ийет.

Конституциялык сот тогуз судьядан турат, алар: Конституциялык соттун төрагасы, төраганын орун басары жана жети судья.

Конституциялык соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.

Президент Конституциялык соттун төрагасын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушунун макулдугу менен Конституциялык соттун судьяларынын арасынан 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Президент Конституциялык соттун төрагасынын орун басарын Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.