Меню навигации+

Эл аралык кызматташуу

Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуунун маанилүү милдеттерине жетүүдө конституциялык сот жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдары жана тең укуктуу институттары, ошондой эле башка укуктук институттар жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты түзүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат. Конституциялык соттун эл аралык конституциялык сот адилеттиги тутумуна интеграцияланышы анын стратегиялык максаттарынын бири болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Конституциялык сот көп сандагы чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо сот органдары менен тыгыз байланышта. Алдыңкы тажрыйба менен өз ара алмашуу, конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун мыкты тажрыйбаларын үйрөнүү жана конституционализмди тереңдетүүгө, аны андан ары өнүктүрүүгө багытталган жаңы мамилелерди жана демилгелерди киргизүү максатында Конституциялык сот тарабынан Европа, КМШ өлкөлөрүнүн жана Азия-Тынч деңиз регионунун конституциялык контролдоо органдары менен тыгыз байланыштар орнотулду. Эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү үчүн Түркия Республикасынын, Молдова Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын конституциялык соттору менен кызматташуу жөнүндө меморандумдар түзүлдү. Ошондой эле Индиана (АКШ) Конституциялык демократия борбору менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Башка өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдары менен өз ара кеңири иштешүү Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигинин кыйла натыйжалуу ишке ашырылышында тажрыйба алууга мүмкүндүк берет. Мындай өз ара аракет Конституциялык соттун Эл аралык Конституциялык соттордун бирикмелеринин ишмердүүлүгүнө катышуусу, эки тараптуу иш-сапарлар менен алмашуу жана конституциялык укук жана конституциялык сот адилеттиги маселелери боюнча ар кандай эл аралык конференцияларга, семинарларга, жайкы мектептерге катышуу аркылуу ишке ашат.

Конституциялык соттун эл аралык мамилелерин түзүүдө жана өнүктүрүүдө Европа Кеңешинин Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) менен кызматташуу маанилүү кадам болду. Бул уюм менен кызматташуу демократияны чыңдоо, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо, конституциялык сот адилеттигинин баалуулуктарын жана принциптерин алга жылдыруу үчүн башка укуктук институттар менен байланыштарды кеңейтүүгө түрткү берди. Венеция комиссиясынын сунуштары менен консультативдик-эксперттик жардамы Кыргыз Республикасында укуктук мамлекетти жана конституционализмди өнүктүрүүнү илгерилетүүдө, конституциялык контролдоо институтунун калыптанышында практикалык колдонууга ээ болгон. Конституциялык соттун чечимдери Венеция комиссиясы басып чыгарган конституциялык сот адилеттигинин бюллетенинде жана CODICES электрондук маалымат базасында жайгаштырылат, ал конституциялык соттордун Венеция комиссиясынын мүчө-мамлекеттеринин маанилүү чечимдеринин жыйнагы болуп саналат.

Мындан тышкары, Конституциялык сот конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференция, Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясы, Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясы сыяктуу кесипкөй эл аралык жана региондук бирикмелердин толук укуктуу мүчөсү болуп эсептелет.

Көрсөтүлгөн уюмдардын толук укуктуу мүчөсүнүн статусу конституциялык сотко мүчө болгон өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдары менен кеңири өз ара аракеттенүүгө, конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелери боюнча билим жана иш тажрыйба алмашууга, ошондой эле адамдын жана жарандын пайдубал укуктарын жана эркиндиктерин коргоого көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Европа биримдиги (ЕБ), Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому (GIZ), Эл аралык кызматташуу боюнча америкалык агенттик (ЮСАИД), БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы (TIKA) сыяктуу эл аралык уюмдар тыгыз байланыштар орнотулду жана алар менен жигердүү өз ара аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Институционалдык, укуктук жана техникалык колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын конституциялык контролдоо органын колдоо жолу менен, Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоого көмөктөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлор натыйжалуу ишке ашырылып жатат.