Меню навигации+

Интернет-кабылдама

    Кайрылуу кимге багытталган (милдеттүү):


    Арыз берүүчүнүн фамилиясы (милдеттүү):


    Арыз берүүчүнүн аты (милдеттүү):


    Арыз берүүчүнүн атасынын аты (бар болсо):


    Арыз берүүчүнүн жашаган жеринин почта дареги (милдеттүү):


    Кайрылуунун тексти:


    Арыз берүүчүнүн электрондук дареги (e-mail) (милдеттүү):


    Арыз берүүчүнүн байланыш телефону (бар болсо):


    Датасы (милдеттүү)


    Файл бекитүү (10 МБтан ашык эмес):


      Кайрылуу кимге багытталган (милдеттүү):


      Арыз берүүчүнүн фамилиясы (милдеттүү):


      Арыз берүүчүнүн аты (милдеттүү):


      Арыз берүүчүнүн атасынын аты (бар болсо):


      Арыз берүүчүнүн жашаган жеринин почта дареги (милдеттүү):


      Кайрылуунун тексти:


      Арыз берүүчүнүн электрондук дареги (e-mail) (милдеттүү):


      Арыз берүүчүнүн байланыш телефону (бар болсо):


      Датасы (милдеттүү)


      Файл бекитүү (10 МБтан ашык эмес):


      Кыргыз Республикасынын

      Конституциялык сотунун

      Аппарат жетекчисинин

      2022-жылдын________

      № ___ буйругуна тиркеме

      Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун

      Интернет-кабылдамасы аркылуу жөнөтүлгөн жарандардын жана юридикалык жактардын

      кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ

      Жобо

      1. Жалпы жоболор
      1. Ушул Жобо Конституциялык соттун электрондук почтасы аркылуу жөнөтүлгөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кабыл алуу, каттоо жана кароону ишке ашыруу тартибин орнотот, Конституциялык соттун карамагындагы маалыматтарга жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
      2. Ушул Жобо «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында каралган кайрылууларга жайылтылбайт.
      3. Интернет-кабылдама аркылуу электрондук түрдѳ жөнөтүлгөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары – Конституциялык сот) персоналды башкаруу жана документтештирүүнү камсыздоо бөлүмүнө келип түшөт жана «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
      4. Жободо колдонулган негизги терминдер:

      Интернет-кабылдама – Интернет тармагындагы Конституциялык соттун расмий сайтынын бөлүмү, ал жарандардын жана юридикалык жактардын электрондук таризде кайрылуулары үчүн багышталган, Конституциялык соттун дарегине жарандарды жана юридикалык жактардын кайрылууларын берүүнүн кошумча ыкмасы;

      Интернет-кайрылуу – Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет ѳлкѳлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын, кызматтык адамдын, коомдук же башка уюмдун өкүлүнүн Конституциялык соттун расмий сайтын (Интернет-кабылдама) колдонуу менен электрондук таризде жөнөтүлгөн кайрылуусу;

      Арыз ээси – Интернет-кайрылууда жеке маалыматтары көрсөтүлгөн кайрылуунун автору;

      Жөнөтүүчү – Интернет-кайрылуу жөнөткөн Интернет түйүнүнө туташтырылган жеке компьютердин колдонуучусу.

      1. Жөнөтүүчү тарабынан интернет кайрылууну тариздөөгө коюлган негизги талаптары
      1. Интернет кайрылууну тариздѳѳ учурунда Интернет-кабылдаманын кербайланыш бөлүмүнүн тиешелүү таризин толтуруу керек.
      2. Тариздин талааларын толтуруу учурунда арыз берүүчүнүн жеке маалыматтары көрсөтүлөт (Ф.А.А., почта дареги, электрондук почтанын дареги (e-mail), байланыш телефону). Тариздин талааларынын бири толтурулбай калган учурда, Интернет-кайрылуу жөнөтүлбөйт.
      3. Интернет-кайрылуунун күнү болуп аны Интернет түйүнүндөгү Конституциялык соттун расмий сайтына жайгаштырган күн саналат, ал электрондук маалыматтын толтурулган таризи жөнөтүлгөн учурда автоматтык түрдө катталат.
      4. «Сиздин маалыматыңыз» талаасында жайгаштырылган тексттин өлчөмү тексттин белги саны менен чектелген (4000 чейин) же басма тексттин бир барак көлөмүнөн ашпайт (А4 таризи).
      5. Интернет-кайрылуу мамлекеттик же расмий тилде жазылууга тийиш.
      6. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.
      7. Интернет-кабылдамага келип түшкөн жарандардын интернет-кайрылуусу төмөнкү реквизиттерди камтышы керек:

      1) кайрылуу багытталган Конституциялык соттун Төрагасынын же Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;

      2) арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде атасынын аты болсо);

      3) арыз берүүчүнүн жашаган жеринин почта дареги;

      4) кайрылуунун тексти;

      5) арыз берүүчүнүн электрондук дареги (e-mail);

      6) арыз берүүчүнүн байланыш телефону (бар болсо);

      7) күнү.

      1. Бул Жобону таасири юридикалык жактарга да жайылтылат.

      Бул учурда, Интернет-кабылдамага келип түшкөн юридикалык жактардын Интернет-кайрылуусу төмөнкү реквизиттерди камтышы керек:

      1) кайрылуу багытталган Конституциялык соттун Төрагасынын же Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;

      2) юридикалык жактын толук аталышы;

      3) юридикалык жактын почта дереги;

      4) чыгыш номери, күнү;

      5) кайрылуунун тексти;

      6) адамдын кызмат ордун, өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо);

      7) жетекчинин электрондук дареги (e-mail);

      8) фамилиясы, жөнөтүүчүнүн телефону.

      1. Фамилиясы камтылбаган жана жооп берүү үчүн почта дареги жок жарандардын Интернет-кайрылуусу жана юридикалык жактардын жетекчисинин фамилиясы камтылбаган жана жооп берүү үчүн почта дареги кѳрсѳтүлбѳгѳн Интернет-кайрылуу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

      Ошондой эле төмөнкү Интернет-кайрылуулар кароого жатпайт:

      1) жаңы жүйө-далилдер же жагдайлар келтирилген кайра кайрылуулар, ошону менен оозеки жана электрондук кайрылуулар, эгерде алар боюнча «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жыйынтыктоочу жооптор берилсе;

      2) каттын көчүрмөсү корреспонденттик почта аркылуу келип түшкөн учурда;

      3) тиешелүү документтерсиз жана жеке колтамагсы коюлбаган кайрылуу (кароонун атайын тартиби орнотулган кайрылууларга карата);

      4) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;

      5) ушул жобонун 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн реквизиттердин бири толтурулбаган учурда;

      6) окууга мүмкүн болбогон учурда.

      1. Кайрылуунун тексти нуска болууга тийиш. Суроо, сунуштар, сураныч так баяндалууга тийиш.

      Интернет-кайрылууда автор бул маселе менен мурда кайсы инстанцияларга кайрылгандыгы жана кайрылуунун жыйынтыгы кандай болгондугун да көрсөтүшү керек.

      1. Интернет-кайрылууну жөнөткөндөн кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Персоналды башкаруу жана документтештирүүнү камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери авторго ал тарабынан көрсөтүлгөн электрондук дарекке анын кароого кабыл алынгандыгы жѳнүндѳ каттын келип түшкөн күнү, кириш номери жана тиешелүү маалымат телефондору көрсөтүлгөн же аны кароодон баш тартылгандыгы (кароодон баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн) жѳнүндѳ маалымат-билдирүү жиберет. Андан киийн Интернет-кайрылуу басып чыгарылып, андан кийинки жумуш Конституциялык соттун аппаратынын персоналды башкаруу жана документтештирүүнү камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
      1. Интернет-кайрылууну кароо тартиби
      2. Конституциялык соттун аппаратынын персоналды башкаруу жана документтештирүүнү камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери:

      1) күн сайын Интернет-кабылдамага келип түшкөн Интернет-кайрылууларды карайт, анын ичинде бул Жобонун 2-главасынын талаптарына ылайык келүү предметин да карайт;

      2) арыз ээсине белгиленген тартипте көрсөтүлгөн электрондук дарекке анын Интернет-кайрылуусунун кабыл алынгандыгы же аны кароодон баш тартылгандыгы жѳнүндѳ маалымат-билдирүү жиберет;

      3) кароого алынган Интернет-кайрылууларды электрондук жана кагаз форматтарында (басылган кагаздарды) каттайт, жана Конституциялык соттун жетекчилеринин визасына ылайык Конституциялык соттун түзүмдүк бөлүмдөрүнө кароого берет;

      4) чыгыш номерин ыйгаргандан кийин, арыз ээсине ал тараптан көрсөтүлгөн электрондук дарекке аткаруучу тарабынан берилген документтин электрондук вариантын жөнөтөт.

      1. Интернет-кайрылууга жооп ага берилген чыгыш номери көрсөтүлүү менен электрондук маалыматтын таризде катары каралат (электрондук дарекке), ошондой эле жазуу тариздесинде да жөнөтүлөт (почта дарегине).
      2. Электрондук түрдө кайрылуу жөнөткөн жеке жактын маалыматтары жѳнүндѳ маалымат «Жеке мүнөздөгү маалымат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
      3. Эгерде текстте башкача эскертилбесе, жамааттык кайрылууга карата жооп кайрылууда биринчи көрсөтүлгөн жарандын дарегине жөнөтүлөт. Жооптун текстинде жооп жамааттык катка берилерин көрсөтүүгѳ тийиш.
      4. Арыз ээсине электрондук почтанын дарегине электрондук таризде жөнөтүлгөн интернет-кайрылууга жооп милдеттүү түрдө басылат, кайрылуу боюнча текшерүү жүргүзгөн бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кол коюлат, катталып, атайын номенклатуралык ишке тиркелет.
      5. Электрондук кайрылуунун каралашынын жүрүшү жѳнүндѳ маалыматты Интернет-кабылдамада көрсөтүлгөн телефондор боюнча алууга болот.
      1. Жарандарды кабыл алууда жана телефон боюнча оозеки таризде берилүүчү маалымат
      2. Конституциялык соттун иши жѳнүндѳ маалымат кабыл алуу учурунда жана телефон боюнча оозеки түрдө жарандарга (жеке жактарга), анын ичинде уюмдардын өкүлдөрүнө (юридикалык жактарга), коомдук уюмдарга, мамлекеттик бийликтин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
      3. Маалымат алуу үчүн оозеки кайрылганда же телефон аркылуу кайрылганда тийиштүү маалымат оозеки берилет.
      4. Маалымат берүүгө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу кыскача маалымдамалар оозеки берилет. Маалымат берүүгө жооптуу адам суроо-талаптын негизин түзгөн суроолор боюнча сураган адамдарга оозеки кепкеңеш берүүгө милдеттүү эмес.
      5. Эгерде суроо-талапка оозеки жооп аны сураган адамды толук канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.

      26. Ар бир оозеки кайрылуу журналга (катталууга) тийиш, анда кайрылуунун автору, телефон номери, үй дареги, кайрылган күнү жана убактысы, кайрылуунун предмети же маселеси, ошондой эле кайрылуу боюнча жоопту даярдаган адамга маалымат көрсөтүлөт.

       

      Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын Жалпы бөлүмүнүн иш графиги:
      дүйшөмбү – жума 09.00 -18.00
      тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин
      телефон: 62-20-40

      Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын Жалпы бөлүмүнүн жарандарды кабыл алуу графиги:
      кабыл алуу күндѳрү: дүйшөмбү – жума
      кабыл алуу сааты: 09.00 дан 18.00 го чейин
      тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин
      телефон: 62-19-97