Меню навигации+

КР ЖК туруктуу өкүлү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү

Осмонов Айдарбек Касымалиевич 1967-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында туулган.

Билими: 1992-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин күндүзгү бөлүмүн аяктаган.

Илимий даражасы: юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1984–1985-жж. — Жумгал районундагы «Большевик» совхозунун жумушчусу;

1985–1987-жж. — Украин ССРинин Ворошиловград шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, БТТ оңдоо боюнча взвод командиринин орун басары;

1987–1992-жж. — Ж. Баласагын атындагы КМУнун юридикалык факультетинин күндүзгү бөлүмүнүн студенти;

1992–1993-жж. — Ысык-Көл райондор аралык прокуратурасынын стажеру, тергөөчүсү, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаары;

1993–1994-жж. — Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасынын тергөөчүсү;

1994–1995-жж. — Каракол шаарынын прокуратурасынын улук тергөөчүсү;

1995–1996-жж. — Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын тергөөчүсү;

1996–1998-жж. — Нарын облусунун Кочкор районунун прокурорунун орун басары, прокурордун милдетин аткаруучу;

1998–2001-жж. — Бишкек шаарынын прокуратурасынын экономикалык кылмыштарды жана коррупцияны тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору, улук прокурору;

2001–2010-жж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

2010–2013-жж. — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы;

2013–2015-жж. — Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

2016–2021-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракциясынын лидеринин кеңешчиси;

2022–2024-жж. — Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы USAD «Укук Булагы» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси;

2025–2026-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик тобунун лидеринин кеңешчиси;

2026-жылдан тартып азыркы учурга чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү.

2010–2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасы.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

2013-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Ардактуу жараны деп таанылган.

2014-жылы Бишкек шаарынын мэри тарабынан «Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн» медалы менен сыйланган.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан «Юстициянын отличниги» ордени менен сыйланган.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2023-жылы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2000–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз юридикалык академиясынын, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун медалдары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү жөнүндө жобо