Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 6-октябрындагы аныктамасы менен Арман Сакеновна Кыйгырованын “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 4, 5-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Талашылып жаткан жобо адвокат тарабынан жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдери бузулган учурда адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиядан ажыратууну карайт.
Арыз ээсинин пикири боюнча, бул ченем юридикалык аныктык талаптарына жооп бербейт, анткени ал лицензиядан ажыратуу сыяктуу олуттуу чара колдонуу үчүн бузуунун мүнөзүн, оордугун же кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берген критерийлерди белгилебейт. Андан тышкары, тиешелүү критерийлердин жоктугу Мыйзамдын жоболорун ар кандай бузууда анын олуттуулугуна карабастан, адвокатты лицензиясынан ажыратуу мүмкүнчүлүгүнө жол берет жана укук коргоо органына аны кароо боюнча өтө кеңири ыйгарым укуктарды берет.
Арыз ээси мындай укуктук жөнгө салуу талашылып жаткан ченемди түрдүү чечмелөөгө жана аны өзүм билемдик менен колдонууга шарт түзөрүн, муну менен Конституцияда кепилденген — өзүнүн эмгекке болгон жөндөмүн эркин тескөө, ошондой эле кесипти же ишмердүүлүк түрүн тандоо укугуна доо кетерин белгилейт.
Баяндалганды эске алуу менен арыз ээси талашылып жаткан жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.






