Меню навигации+

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Уметалиева Чолпонай Маматовнанын суроо-талабын өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги аныктамасы менен судья Уметалиева Чолпонай Маматовнанын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакцияда) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Иштин материалдарына жана талашылып жаткан жобого ылайык биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор соттук актыларды кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 12-беренесин жетекчиликке алышкан, анда эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып, өкүм чыгарган мезгилге чейинки мыйзам бир нече жолу өзгөрүлсө, анда мыйзамдын жеңилирээги колдонулат деп каралган, жана тиешелүү түрдө талашылып жаткан жобо колдонулган, аны менен жасалган жосундун жазык-укуктук кесепеттери жеңилдетилген.

Судья Ч.М. Уметалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жогоруда аталган соттук актыларды жокко чыгаруу менен төмөн турган соттор талашылып жаткан ченемди туура эмес чечмелегенин жана адам издөөгө жарыяланган учурдан тартып эскирүү мөөнөтү токтотула тургандыгын жана ал кармалган учурдан тартып кайра башталаарын, башкача айтканда, кылмыш жасалган учурдан тартып он беш жыл өткөнүнө же андай болбогондугуна карабастан мөөнөттүн өтүшү токтотула тургандыгы эске алынбагандыгын белгилейт.

Жогоруда айтылган жагдайларга негизденүү менен судья Ч.М. Уметалиева талашылып жаткан ченемди сот өндүрүшүндө турган конкреттүү иште колдонууда, эгерде күнөөлүү адам тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүрсө, издөөдө болсо, эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотулууга жатабы деген маселеде укуктук белгисиздик келип чыгат деп эсептейт, бирок ал кылмыш жасаган учурдан тартып он беш жылдан ашык убакыт өткөн.

Ушуга байланыштуу, судья Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2-февраль, 2017-жылдын редакциясында) Конституцияга ылайыктуулугун текшерүүнү өтүнөт.