Меню навигации+

Пресс-релиздер

20.02.2024
2024-жылдын 17-январында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо жол берилбейт» деген сөздөр менен билдирилген 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 6-беренесинин ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты. Конституциялык сот өз Чечиминде, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп белгилеген. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат (10-берененин 2-бөлүгү). Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат (63-берененин 1-бөлүгү). Бирок ар бир демократиялык укуктук мамлекет өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун, мамлекеттик жана саясий түзүлүштүн туруктуулугун, ар бир адамдын, жалпы эле коомдун укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кыла турган баалуулук координаттардын, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн системасына муктаж. Андыктан, жогоруда айтылган конституциялык тыюу салуулар өздөрүнүн укуктук табияты жана мааниси боюнча абсолюттук мүнөзгө ээ боло албайт, бул Конституциянын цензурага жол берилбестигин жарыялаган ошол эле беренесинин мазмунунан ачык көрүнүп турат. Алсак, Кыргыз Республикасында өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн. Чектелүүгө жаткан иш-чаралардын тизмеги, жеткиликтүүлүгү жана жайылтылуусу чектелген маалыматтардын тизмеги мыйзам менен белгиленет (Конституциянын 10-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү). Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат (Конституциянын 32-беренесинин 4-бөлүгү). Жогорудагы келтирилген конституциялык жоболор жана алардын аталган Мыйзамда иш...
02.02.2024
2024-жылдын 31-январында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. Арыз ээсинин жүйөлөрүнө ылайык талашылып жаткан ченемде соттолуучунун камакта кармалган убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болуу убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен кайрылуу укугун караган пункт жок, бул сотко кайрылууга конституциялык укугунун бузулушуна алып келет. Чечимде белгиленгендей, КЖПКнын 354-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу маалыматтар айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш экендиги белгиленген. Өкүмдүн дал резолютивдик бөлүгү соттун расмий эркин камтыйт, тактап айтканда, аткарууга милдетүү болгон жазма буйрукту камтыйт. Ошондуктан, сот тарабынан ал токтом кылган өкүм чыгарылган учурда камакта кармоо убактысын эсепке алуу маселесин чечүү абдан маанилүү болуп саналат. Мындан четтөө процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын бузуу катары бааланышы жана сот актысын жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн (КЖПКнын 421-беренеси). Тиешелүү түрдө жазаны өтөгөн жери боюнча сот тарабынан жазаны жаңы эрежелер боюнча жаза өтөө мөөнөтүн аныктоо бөлүгүндө сот актысын кайра кароодон баш тартуу, ал эми колдонуудагы укуктук жөнгө салуу бул маселенин чечилишин өкүм чыгарган соттун укуктарына таандык кылат, ал эми бул маселе чечилбеген учурда – сот актысынын бул бөлүгүн жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берет, ар бир адамдын соттук коргонууга конституциялык укугун чектөө белгилерин түзбөйт. Ошентип, Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келген.
08.01.2024
      2023-жылдын 22-ноябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.   Конституциялык сот өз чечиминде Конституция ар бир адамга эмгек эркиндигине, эмгекти жана ден соолукту коргоого, анын ичинде коопсуздук жана гигиена талаптарына кепилдик берерин белгиледи. Мамлекет эмгек мамилелерин, анын ичинде аялдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укуктук жөнгө салууну аныктоо менен жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча милдеттерди аткарат.   Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринде, “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” Өкмөттүн токтомунда аялдардын эмгегине чектөө коюу алардын ден соолугун, өзгөчө репродуктивдүү функцияларын коргоо зарылчылыгы менен шартталган жана коомдук бакубаттыктын негизги элементи катары алардын репродуктивдүү ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.   Муну менен катар эле адамдардын турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылуучу эмгекке болгон укук жана эмгекке бирдей жеткиликтүүлүк дүйнөлүк социалдык-экономикалык саясатта өзөктүү болуп калаары белгиленген. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция сыяктуу эл аралык актылар эркектер менен аялдар үчүн басмырлоосуз бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдойт. Ушундан улам, мыйзам чыгаруучу “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамда жыныстык белгилери ...
29.12.2023
2023-жылдын 27-декабрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүүлүгүнө жараша «иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген ченемдик жоболорунун, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. Жарандык процесстик кодекстин талашылып жаткан ченемдик жоболоруна ылайык, жаңыдан ачылган жагдайлар болуп мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар саналат. Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдик жоболор менен талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актыларына жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча арыз берүүгө тыюу салуу киргизилет. Мындай жагдай, арыз ээлеринин пикири боюнча, негизсиз жана адилетсиз, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө күмөн жаратат. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемине ылайык жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттун чечими, доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама, доо арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама гана кайра каралышы мүмкүн. Арыз ээси сот актыларынын көрсөтүлгөн тизмеси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына карабастан кабыл алынган деп эсептейт, анда Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес экендиги каралган. Конституциялык сот “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, ошондой эле ушул эле Кодекстин “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболору...
29.12.2023
  Конституциялык сот 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.С. Таджибаеванын кайрылуусуна байланыштуу  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемдин “же ишти карап жаткан сот,” деген сөздөр менен айтылган ченемдик жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгү, Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор менен катар эле соттун Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизүүгө ыйгарым укуктарын карайт. Конституциялык сот өз чечиминде Конституцияда Жогорку Кеңештин депутатынын кол тийбестиги бекемделгендигин белгилейт, анын элементтеринин бири катары аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби каралган (78-берененин 1-бөлүгү). Депутаттын укуктук кол тийбестиги парламентарийди негизсиз куугунтуктоолордон коргоо менен ага өз функцияларын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу парламенттин табияты менен шартталган анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун атайын кепилдиктеринен турат. Бирок депутаттын кол тийбестиги анын абсолюттук жазасыз калышын билдирбейт, тескерисинче, аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин гана белгилейт. Атап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамда жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштаманы Башкы прокурор гана Жогорку Кеңешке киргизе тургандыгы каралган. Конституция прокуратура органдарын мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү, кылмыш куугунтуктоо, соттук териштирүүгө катышуу, соттук чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү атайын статусу бар мамлекеттик бийлик ор...
29.12.2023
    2023-жылдын 18-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.   Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот адилеттигинин кепилдиктеринин маанилүү элементи болуп саналат жана анын негизги максаттарынын бири – жазык процессине катышкан бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жетишүүгө багытталган белгиледи. Бул конституциялык милдет мамлекетке жүктөлгөн жана коомдук, ошондой эле жеке кызыкчылыктарды коргоого багытталган.   Алсак, жазык процессинде күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген коргоо механизмдеринин бири псевдоним ыйгаруу жана ага жеткиликтүүлүктү чектөө аркылуу алар жөнүндө маалыматтарга купуялуулук берүү болуп саналат. Бул чара жазык ишинин материалдарынан адамдын жеке маалыматтары жөнүндө маалымдаманы алып салуу жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоо жолу менен ишке ашырылат. Инсан жөнүндө маалыматтарды купуя сактоо жөнүндө чечим тергөөчү тарабынан кабыл алынат жана токтом менен таризделет, ага тергөөчүдөн тышкары прокурор менен соттун жеткиликтүүлүгү бар. Буга макул болбогон учурда жактоочу тарапка мындай чечимге прокурорго даттануу келтирүү укугу берилет. Прокурор жазыктык куугунтуктоодон тышкары, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана купуялуулук каражаттарын мыйзамдуу колдонулушуна кепилдик берүү менен укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Сот өзүнүн сот адилеттиги функциясын аткарууда далилдерди, анын ичинде купуя маалыматтарды алард...
28.12.2023
  2023-жылдын 25-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. Конституциялык сот өз чечиминде КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүндө КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган башка негиздер боюнча ишти кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ченем жаратуу технологиясынын талаптарын бузуунун натыйжасы болуп саналарын белгилейт, мында көрсөтүлгөн пункттарга талашылып жаткан ченемде талап кылынган шилтеме алардын мазмунун жана маани-маңыздык жүгүн эске алуу менен колдонулган эмес. Мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемде концептуалдык мүнөздөгү эки кемчилик кетирген, биринчиден, соттун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык функцияларын ишке ашыруу, тактап айтканда КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу,  жаңы соттук териштирүү үчүн  сотко өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген, экинчиден  жазык иштери боюнча адилетсиз сот актылары менен бузулган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоого болгон конституциялык укугун чектеген. Башкача айтканда, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу маселесин колдонуудагы укуктук жөнгө салуу кайтадан ачылган жагдайлардын бардык спектрин камтууга мүмкүндүк бербейт, натыйжада жазык иштери боюнча адилетсиз чечимдер жарандардын  бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн процесстик мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Ошентип, сот ишти сот отурумунда изилденген кайтадан ачылган жагдайлардын негизинде алардын каралып жаткан ишке тиешелүүлүгү предметине чечүүдө өкүмдү, аныктаманы, токтомду жокко чыгаруу боюнча өз укугунан пайдаланып, өндүрүштү КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык негиздер боюнча кайра жандандырууга укугу болушу керек.
20.11.2023
    2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.” деген сөздөр менен баяндалган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады. Талашылып жаткан ченемдик жобого ылайык шайлоого талапкерди каттоонун шарттарынын бири болуп өздүк каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүүнүн зарылдыгы саналат. Арыз ээсинин пикири боюнча талашка түшкөн ченемдик жобо мыйзам чыгаруу органынын депутаттыгына талапкер катары каттоодо көрүүсү боюнча майыптарды бирдей эмес абалга коюп, аларды басмырлоого жол берет. Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Бирок, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын саясий турмушка жана мамлекеттин иштерине кеңири катышуусун камсыз кыла турган компенсациялык механизмдерди караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө тапшырылды.
10.11.2023
  2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 63-беренесинин 2-бөлүгүнүн айрым ченемдик жоболорунун жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2023-жылдын 30-июнундагы өзүнүн Чечимин кайра карап чыкты жана ага матроним (энесинин аты) институтун киргизүү зарылдыгын алып салган өзгөртүүлөрдү киргизди.   Мурда кабыл алынган Чечимге ылайык, турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же дене боюнун травмасын алган, же сот актысы менен тастыкталган алардын жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс турмуштук тажрыйбасы бар, ушул себептен улам өзүнүн толук ысмынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган адамдарга энесинин атын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү болжолдонгон, бул учурда мындай укукту алар толук аракетке жөндөмдүүлүккө, башкача айтканда 18 жашка чыкканда гана берүү болжолдонгон. Мында Конституциялык соттун Чечиминде Кыргызстан СССРдин курамында болгон мезгилде киргизилген жана өз атын, фамилиясын жана атасынын атын камтыган ат коюу модели гана козголгон. Ал эми  кыргыздын улуттук каада-салты боюнча («уулу, кызы, тегин» дегенди көрсөтүү менен) ат коюунун тартиби такыр каралган эмес, бул туурасында Чечимдин өзүндө белгиленген.     Бирок, соттун мындай позициясы калктын басымдуу бөлүгү тарабынан матроним институтун жалпысынан кыргыздын адеп-ахлактык принциптерине, баалуулуктарына жана салттарына кол салган терс көрүнүш катары кабыл алгандыгына байланыштуу коомчулукта чоң резонанс жараткан.   Түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев 2023-жылдын 11-октябрында Конституциялык соттун кароосуна 2023-жылдын 30-июнундагы Конституциялык соттун Чечимин матроним институтун киргизүү бөлүгүн кайра кароо жөнүндө сунуштамасын киргизген. Конституциялык сот, Конституциянын ченемдеринин конституциялык-укуктук маанисин аныкт...
01.11.2023
    Конституциялык сот 2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – Жарандык процесстик кодекс) 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады. Конституциялык соттун чечими менен Жарандык процесстик кодекстин 222-беренесинин 6-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер сотко жүйөлүү себептерсиз бир жолу келбесе, сот арызды кароосуз калтырууга жол берилген өлчөмдө карама-каршы келет деп табылган. Конституциялык көзөмөл органы өзүнүн укуктук позициясын негиздеп, Чечимде сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн гана билдирбестен, ошондой эле акыркы натыйжага жетүү үчүн бардык соттук жол-жоболор негизсиз тоскоолдуктарды камтыбастан, процесстин катышуучуларынын инсандыгына жана соттук териштирүү процессинин предметинин мүнөзүнө карабастан бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр берилип, ар бир адамдын иши сот тарабынан биротоло чечилишине жетишүү ниетинин ишке ашуусун билдирээрин белгилеген. Каралып жаткан маселенин контекстинде мыйзам чыгаруучу сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде соттук иштерди созудуктурууну болтурбоо боюнча процесстик чараларды киргизүүдө, алардын акылга сыярдуулугуна жана өлчөмдөш болушуна, теңдештик принцибинин, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жетүү укугунун артыкчылыктыгына жана анын ишинин сот тарабынан биротоло чечилишине таянууга милдеттүү. Жарандык процессте доогер менен жоопкердин ролу өзүнүн мүнөзү боюнча ар түрдүү болуп саналат, ал эми алардын жүрүм-турумдук компоненти иштин предметине жана конкреттүү жагдайларына жараша болот. Буга карабастан, доогер үчүн да, жоопкер үчүн да соттук жол-жоболор алардын кызыкчылыктарын коргоонун процесстик каражаттарына жана адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктарынын сот алдындагы эквиваленттүүлүгүнүн постулатына негизделиши керек. Сот өзүнүн жогорку милдетин т...
15.07.2023
2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үйбүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамдын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгүн угузган. (more…)
14.07.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 12-июлунда “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде Конституция социалдык мамлекеттин максаттарына ылайык жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде согуштун ардагерлерине пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык коргоо жана колдоо чаралары түрүндө кепилдиктерди берүү менен колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. (more…)
13.07.2023
2023-жылдын 12-июлунда саат 17:49да 24.KG басылмасы “Энесинин аты (матчество) боюнча чатак басылбайт. Конституциялык сотто УКМКнын башчысына жооп берди” деген аталыштагы жаңылыкты таратты, анда басылма “Facebook” жана “Instagram” социалдык түйүндөрүнүн колдонуучусу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун пресс-катчысы болгон Жылдыз Жороеванын жеке баракчасынан анын билдирүүсүн жарыялаган. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Конституциялык сот тогуз судьядан: төрагадан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан тураарын эскертет. Ошентип, Конституциялык сот коллегиалдуу орган болуп саналат, анын позициясын соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча судьялардын бири гана билдире алат. (more…)
12.07.2023
Конституциялык соттун Чечиминде белгиленгендей, Конституциянын жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген жоболоруна карабастан, Негизги Мыйзам мамлекет тарабынан коомдун алдында аткарып жаткан милдеттердин өтө маанилүүлүгүн атайын белгилейт жана ушуга байланыштуу бул кызматтардын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында жарандар үчүн атайын талаптарды жана чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет. Алар кызматка кирүүгө, өтөөгө жана кызматты токтотууга байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин укуктук статусун регламентациялаган дээрлик бардык аспектилерине тиешелүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар мамлекеттин социалдык-маданий жана административдик-саясий турмушунда, экономиканы жана коомдун башка бардык чөйрөлөрүн башкарууда маанилүү ролду ойнойт жана өз кызматчыларынан жогорку кесипкөйлүктү, компетенттүүлүктү, мамлекеттин кызыкчылыгында кызматтык милдеттерин толук жана сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон жоопкерчиликти, тийиштүү даярдыкты, билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу атайын укуктук жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүчү жарандар үчүн милдеттердин өзгөчөлүктөрүн, аларды уюштуруунун жана иштөө принциптерин эске алуу менен өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү аныктоого укуктуу. (more…...
03.07.2023
2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үйбүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды. Кайрылуунун маңызы боюнча арыз ээси, энеге баласына атасынын атынын ордуна өз атын берүү, башкача айтканда энесинин атын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранган. Конституциялык сот ишти сот отурумунда карап, төмөнкүдөй жыйынтыктарга келди. Жалпысынан биздин мыйзамдарыбызда кыргыздын улуттук каада-салттары боюнча, ошондой эле өз атын, фамилиясын жана атасынын атын караган советтик калыптанып калган ат коюу системасы боюнча ат коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калганын белгилей кетүү зарыл. Ошону менен бирге советтик система боюнча ата-эненин, анын ичинде эненин балага фамилиясын, атын жана атасынын атын берүү укугу баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын көздөп анын өсүү, жагымдуу шарттагы социалдык чөйрөдө калыптануу укугу менен түздөн-түз байланышта турат. Ушуга байланыштуу баланын укуктары ата-эненин укуктарына караганда артыкчылыктуу мааниге ээ жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ал эми салттуу коомдо баланын өзүнүн энесинин атында болушу ага карата кемсинттүү жана кодулоонун ар кандай түрүнүн колдонулушуна алып келиши мүмкүн болгондуктан, арыз ээсинин өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды. Бирок, эрезеге жетип (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясына ылайык он сегиз жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо уку...
30.06.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун, 260-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)
08.06.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 7-июнунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана көрсөтүлгөн ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер басмырлоо менен бирдейлештирилбейт, анткени алар колдонуудагы укуктук жөнгө салуу системасында өзүнүн мааниси жана багытталышы боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган, конституциялык талап менен шартталган жана Конституциянын 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Ошондой болсо да, мыйзам чыгаруучу коомдук бирикмелердин бардык түрлөрүнө карата финансылык отчеттуулуктун талаптарын белгилөөдө аларга бирдей шарттарды камсыз кыла турган бирдей мамилени жана укуктук режимди карманууга тийиш. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот көрсөтүлгөн милдеттенмени бирдей коомдук мамилелердин субъекттерине карата акылга сыярлыктын жана бирдей мамиле кылуу принцибинин талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейт. Ошондой эле чечимде адистештирилген экспертизаларды бирдиктүү стандарттардын жана объективдүү фактыларга таянуу менен тутумдук мамиленин негизинде жүргүзүлүүсү, коюлган суроолорго негизделген жооптордун камтылуусу, болжолдуу баалоолордун тереңдиги, изилдөөлөрдүн толуктугу жана кылдаттыгы чагылдырылышы үчүн учурдагы адистештирилген экспертизалардын системасын кайра карап чыгуу зарылдыгы белгиленди.
25.05.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 23-майында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады. (more…)
04.05.2023
2023-жылдын 1-мартында Конституциялык сот К.О. Табалдиеванын кызыкчылыгын көздөгөн К.М. Матсаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)
19.04.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин кайрылуусун карады. (more…)