Пресс-релиздер
2014–жылдын 4-июлунда Конституциялык палата Эмгек кодексинин 84-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 3-абзацы Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды, ал берене ылайык уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын, кызматка мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар жана башка жарандардын бирикмелери тарабынан шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу талап кылынбайт.
Үстүбүздѳгү жылдын 25-июнда Конституциялык палата кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен олуттуу көбөйүшү жүйөөлүү негиздеп бере албаган үчүн жазык-укуктук жоопкерчиликке тартылат деген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси (мыйзамсыз баюу) Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды.
Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бѳлүгүнүн сегизинчи абзацы, 2-беренесинин 2-бѳлүгү, 3-беренесинин 1-бѳлүгү Конституцияга ылайык келбейт деп чечим чыгарды, аларда тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетекчи органы тарабынан депутатты чакыртып алууга жол берилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 7-майында соттордун актыларын кыянаттык менен аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти караган КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет деп чечим чыгарды.
2014–жылдын 30-апрелинде Конституциялык палата мамлекеттик кызматчы жаш курагынын чегине 65 жашка жеткен учурда, мамлекеттик органдын демилгеси боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотуулушу мүмкүн деген «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн «м» пункту жана 8-бөлүгү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды.
2014 жылдын 23-апрелинде Конституциялык палата Жазык-процесстик кодексинин 230-беренесинин 1 жана 2-бѳлүктѳрү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды, аларга ылайык:
- иш боюнча бардык тергөө аракеттери аткарылды, ал эми чогултулган далилдер жетиштүү деп тапкандан кийин тергөөчү бул жөнүндө айыпкерге билдирүүгө, ага иштин милдеттүү тартипте көктөлгөн, номерленген жана тизмеленген түрдөгү (тизмектөө барактары) бардык материалдары менен жеке өзү да, ошондой эле жактоочунун жардамы менен да таанышууга укуктуулугун, ошого тете тергөөнү толуктоо же иш боюнча башка чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү укуктугун түшүндүрүүгө милдеттүү. Айыпкерге тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билдирилгендиги жана укуктары түшүндүрүлгөндүгү тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.
-тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралу, тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү.
Конституционная палата 11 апреля 2014 года приняла решение о признании противоречащими Конституции Кыргызской Республики норм законов «О республиканском бюджете на 2013 год и прогнозе на 2014-2015 годы» и «О республиканском бюджете на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы», согласно которым планирование капитальных вложений из республиканского бюджета осуществляется Министерством финансов Кыргызской Республики по согласованию с профильным комитетом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики в расширенном формате.
2014-жылдын 07-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып жана ушул иш боюнча чечим чыгарды.
Жаран Е.В. Осинцевдин өтүнүчү ишти кароого себеп болду.
2014-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 131-беренесинин 1-бѳлүгүн, 132-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.
Жаран Т.Дж. Саатов жаран Г.А. Эркебаеванын кызыкчылыгын кѳздѳгѳн кайрылуусу ишти кароонун себеби болду.
2013-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусу боюнча ачык соттук жыйналышта «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-бѳлүгү Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу, ишти кароого негиз болду.
Маселенин тарыхы
ЖПКнын 34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктунда тергөөнүн караштуулугуна ылайыктуу аны тергөө үчүн, өзгөчө учурларда, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүлөргө тапшырууга, берүүгө прокурордун укугу деп караштырылган. Мыйзамдын бул ченеминин негизинде прокурорлор мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын үстүнөн козголгон кылмыш иштерин тергѳѳнү башка укук коргоо органдарына берет. Демек, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы М.Абдыкалыковго карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча (параны опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тергөө өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылган.