Меню навигации+

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн «м» пунктун жана 8-бөлүгүн текшерүү жѳнүндѳ

2014–жылдын 30-апрелинде Конституциялык палата мамлекеттик кызматчы жаш курагынын чегине 65 жашка жеткен учурда, мамлекеттик органдын демилгеси боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотуулушу мүмкүн деген «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн «м» пункту жана 8-бөлүгү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды.

 

Конституциялык палата, мамлекеттик кызматта иштөө үчүн жаш курагынын чегине жеткендигинин негизинде, ведомстволук буйругу менен ээлеп турган кызматынан бошотулган жаран Э.А. Асановдун кайрылуусун карап чыкты.

Арыз ээсинин пикири боюнча, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн «м» пункту жана 8-бөлүгү мамлекеттик кызматта иштөө үчүн мамлекеттик кызматчынын жаш курагынын чегине жеткен учурда мамлекеттик кызматчыны ээлеп турган кызматынан бошотуу укугун мамлекеттик органга берүү менен, жаш курак белгиси боюнча кодулайт.

 

Конституциялык палата, иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

Тең мүмкүнчүлүк жана кодулабоо принциби мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишинин укуктук жөнгө салууга өзгөчө жүрүштү жокко чыгарбайт – мамлекеттик кызматка кирүү жана аны токтотуу учурунда талап кылынган чектөөлөрдү жана талаптарды киргизүү.

Мамлекеттик кызмат тармагында өзгөчө талаптар менен чектөөлөрдү, анын ичинде мамлекеттик кызматчы үчүн тиешелүү жаш куракты орнотуу, мамлекеттик кызматчылардын эмгек ишинин өзгөчөлүгү менен шартталган жана конституциялык укуктар менен эркиндиктерди бузуу же чектѳѳ катары каралбашы керек, бул дагы эл аралык укуктун ченемдеринде ырасталган.

Мамлекеттик кызмат тармагында укуктук жөнгө салуу тармагындагы мындай өзгөчөлүк турукташтыруулук принциптерин ишке ашырууну, кесиптикти, компетенттүүлүктү, ордун басуучулукту, орун алмашуучулукту жана мамлекеттик кызмат тутумунун ар дайым жакшыруусун камсыз кылат.