Меню навигации+

Жазык-процесстик кодекстин 230-беренесинин 1-, 2-бѳлүктѳрүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014 жылдын 23-апрелинде Конституциялык палата Жазык-процесстик кодексинин 230-беренесинин 1 жана 2-бѳлүктѳрү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды, аларга ылайык:

- иш боюнча бардык тергөө аракеттери аткарылды, ал эми чогултулган далилдер жетиштүү деп тапкандан кийин тергөөчү бул жөнүндө айыпкерге билдирүүгө, ага иштин милдеттүү тартипте көктөлгөн, номерленген жана тизмеленген түрдөгү (тизмектөө барактары) бардык материалдары менен жеке өзү да, ошондой эле жактоочунун жардамы менен да таанышууга укуктуулугун, ошого тете тергөөнү толуктоо же иш боюнча башка чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү укуктугун түшүндүрүүгө милдеттүү. Айыпкерге тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билдирилгендиги жана укуктары түшүндүрүлгөндүгү тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

-тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралу, тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү.

 

Конституциялык палата жарандар И.Ю. Лоу, Э.И. Турганбаев, Р.Х. Багиев, К.К. Сатыбалдиева, В.А. Деркач, Д.Т. Султанкулов, Ш.К. Джумабекова, М.Т. Иманкулов, А.И. Возжаевдин кайрылуусун карап чыкты, алар кылмыш иш боюнча жабырлануучулар болгон, тергөөчү аларга карата жазык ишин аякталышы жөнүндө токтом чыгарган жана ошол эле күнү тергөө аяктагандыгы жана жазык ишти Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөндүгү жөнүндө кат аркылуу билдирген, ушул кат менен жабырлануучуларды иш материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн билдирген жана иш кагаздардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан же соттон алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги кабарлаган.

 

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, ЖПКнын 230-беренесинин 1 жана 2-бөлүктѳрү тергөөнүн аякталышы жөнүндө билдирүүнүн мөөнөтүн регламенттештирбей, ошону менен айыпкердин иштин бардык материалдары менен таанышууга кеңейтилген укуктарын бекитет, ал эми аталган маселе боюнча жабырлануучунун укугун жетишсиз чагылдырат, соттук коргоого болгон конституциялык укуктарын бузат, бардыгынын сот жана мыйзам алдында бирдей, тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде сот өндүрүштүн жүзөгө ашырууга.

 

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

Билдирүүнүн укуктук маңызы, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн катышуучуларынын, алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, процесстик аракеттерде жана кабыл алынган чечимдерде өндүрүлгөн жана тиешелүү болгон алардын укугу жана эркиндиги жөнүндө маалымдоо боюнча ишмердүүлүгүн түшүндүрөт.

 

Жазык процессинин катышуучуларына кабардар болуу укугун билдирүү милдети жазык-процесстик мамилелерге тартылган инсандын укугун жана эркиндигин, өзгөчө процесстик аракеттер менен чечимдерге сот адилеттигин даттанууга болгон укугун сыйлоо принцибин ишке ашыруу кепилдиктеринин бири болуп саналат.

Укук коргоо органдарынын тергөөчүлѳрүнүн ЖПКнын 230-беренесинин 2-бөлүгүн туура эмес колдонулушу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талашка түшкөн ченемдерин таануу үчүн негиз болуп бере албайт.

 

 Процессте төрагалык кылган:        Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                           Меергуль Рыскулбековна Бобукеева