Меню навигации+

Жарандык процесстик кодекстин 259-беренесинин 2-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

2014-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш карады  жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.

 

Жаран В.Н.Остриковдун кайрылуусу  ишти кароонун себеби болду.

 

 Маселенин тарыхы

Жаран В.Н. Остриков Конституциялык палатага ЖПКнын 259-беренесинин 2-бѳлүгүн соттолуучунун катышуусуз соттук териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгүн орноткону, эгерде соттолуучу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгондо жана сотко келүүдөн баш тартканда, ошондой эле соттолуучу экинчи жолу чакырылганда соттук жыйналышка келбей койгондо жана келбеген себеби жөнүндө сотко билдирүү бербегендигин таану боюнча жана Конституцияга карама-каршы келген деп  ѳтүнүч менен кайрылган.

 

Тараптардын позициясы

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, соттолгон адамдын катышуусуз ишти кароо соттолуучунун коргонуу ыкмасын аныктоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, жактоочуну тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, буга жараша коргоо стратегиясын тандоо, юридикалык кеңештерден жана юридикалык жардамдын башка курамдарынан, ошондой эле өзүн коргоо укугунан ажырайт. Андан сырткары, ЖПКнын бул ченеми кылмыш процессинин  тараптарынын далилтартышынын чектейт, анткени  тараптардын бири, атап айтканда  процесстин өз алдында катышуучусу –соттолуучу жок ишти кароого уруксат берет,  себеби анын өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүндүгүнөн ажыратат. 

 

 Конституциялык палатасынын позициясы

Конституциянын 99-беренесинин 2-бѳлүгү мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт деп орнотот. Жогоруда айтылган конституциялык жобонун маанисинен алып караганда, жалпы эреже боюнча соттук териштирүүсү соттолуучунун милдеттүү катышуусу менен өткөрүлүшү керек, ал коюлган айыптан коргонууна мүмкүндүк алат. Аны менен бирге, Конституция мыйзам чыгарууга кылмыш ишин сырттан кароого тыюу салууну жок кылуу зарылдыгы туурасында маселени чечүүгө ыйгарымдаган. 

Мыйзам чыгаруучу, кылмыш ишин биринчи инстанциядагы сот тарабынан  сырттан кароо соттолуучу Кыргыз Республикасынын аймагынан тыш кезде жана сотко келүүдөн качып жүргөн кезде, ошондой эле экинчи чакырган кезде соттолуучу сотко келбей жана өзүнүн келбеген себебин билдирбеген кезде гана уруксат берилет, бул процедуранын дифференциясынын жалгыз критерийи катары соттолуучунун сот жыйналышына жеке катышуудан баш тарткандыгы деп каралат.

Конституциянын 99-беренесинин 2-бөлүгү жана анын негизинде кабыл алынган мыйзам жоболору (ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгү), сот иштерин соттолуучунун катышуусуз өткөрүүгө мүмкүндүк берет жана жалпы маанидеги адам укугу тармагындагы эл аралык стандарттар менен жана сот акыйкаттыгын жиберүүгө макулдашат. 

ЖПКнын 42-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык соттолуучу ишти соттук териштирүүгө катышууга, тараптардын бардык укуктарынан, соңку сөзүн айтуу, соттун аракетине жана чечимине даттануу укугунан пайдаланууга укуктуу. Ушул беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пункту соттолуучу сотко чакыруу боюнча келүүгө орнотот, ушуга окшош «биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү сотко келүүсү милдеттүү болгон соттолуучунун катышуусу менен өтөт» деген милдети ЖПКнын 259-беренесинин 1-бѳлүгү менен  орнотулган. Демек,  ишти соттук териштирүүгө катышуусу соттолуучунун бир эле учурда укугу жана милдети болуп саналат.

Соттук териштирүүдѳ соттолуучунун келүүсүн камсыз кылуу максатында сот айыптоочуну сот жообуна тартылган адамдын келүүсүн милдеттендирүүгө укуктуу.  Сот соттолуучунун сотко келбеген учурда айдап келүүгѳ укуктуу (ЖПКнын 117-беренесинин 1-бѳлүгү) ага карата бѳгѳт коюу чарасын тандоого же аны дагы катуулатууга (102-беренесинин, 1-бөлүгү) укуктуу.  Процессуалдык мажбурлоону бул чаралары чыныгы болгон учурларда, соттолуучу сотко келүүдөн качып жүргөндүгү такталган кезде  колдонулат. Ушуну менен, кылмыш-процесстик мыйзам толук кандуу соттук териштирүүнүн  өткөрүү үчүн керек болгон шартты түзүү жана соттолуучунун тиешелүү жүрүм турумун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт. 

Ошентип, арыз берүүчүнүн, талашылып жаткан мыйзам жоболору сот өндүрүшүнүн далилтартышынын принцибин бузуп, соттолуучунун процессуалдык укуктарын ишке ашыруу мүмкүндүгүнөн ажыратат деген далилдери ишке ашкан жок, анткени ЖПК 259-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурлардын ар биринде, сот жообуна тартылган адам  соттон качып жатат, аны менен Конституция жана жазык-процесстик мыйзамдары тарабынан ага кепилденип берилген укуктардан, биринчи кезекте мыйзам тарабынан жеке бекитилген ыкмалар жана каражаттар менен коргонуу укугунан ыктыярдуу баш тартып жатат (ЖПКнын 20-беренесинин 1-бѳлүгү).   

Андан сырткары, сот ишин сырттан кароо далилтартышынын принцибин жокко чыгарбайт, анткени келбей калган соттолуучунун кызыкчылыгында сот жыйналышына ал тарабынан чакырылган жактоочу катыша алат.   Жактоочу дагы соттолуучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан тапшыруусу же макулдугу боюнча, ошондой эле башка адамдар тарабынан чакырууга мүмкүн (ЖПКнын 45-беренесинин 1-бѳлүгү).  Соттук териштирүүдѳ жактоочунун катышуусуна соттолуучунун укугу сот тарабынан камсыз кылынат (ЖПКнын 45-беренесинин 2-бѳлүгү).

Конституциялуулугу талашылып жаткан 259-беренесинин 2-бөлүгү соттолуучунун жактоочусу тарабынан процессуалдык милдеттерин аткарууга жана ага берилген укуктарды аткарууга тоскоолдук жаратпайт, аны менен соттолуучу үчүн сот коргоосуна болгон конституциялык укукту ишке ашырууга кандайдыр бир чектөөлөрдү камтыбайт.  

Жалпысынан, соттолуучу жок кезде ишти кароонун процессуалдык милдет, мамлекеттин кылмыштан жабыр таркан жактардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоону,  аларга адилет сотко кайрылуу мүмкүндүгүн жана жасалган кылмыштан келтирилген зыяндан компенсация алуусун камсыз кылууну камсыздайт.  Ага ылайык, ишти соттук териштирүүгө сырттан кароо соттон качып жүргөн же билип туруп, кылмыш ишин кароого катышуу милдетинен атайылап качып жаткан жак үчүн кылмыш жоопкерчилигин сөзсүз тарттыруу принцибин ишке ашыруу ыкмасы болуп саналат. 

 

Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                                Джумадил Макешович Макешов