Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесинин жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

2014-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 308-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып жана ал иш боюнча чечим чыгарды.

Жаран И. Дженалиеванын кайрылуусу ишти кароого себеп болду.

 

Маселенини тарыхы:

1991-жылдын 17-сентябрында И. Дженалиеванын күйөсү кызматтык милдеттерин аткарууда каза тапкан. Ушуга байланыштуу И. Дженалиеванын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген уулуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу дайындалган. Акчалай төлөп берүүнүн өлчөмүн каза болгон күйөсүнүн айлык акысы 1972-жылдын Эмгек мыйзамдар кодексинде белгиленген тартипте каралган эсепке алынган.

И. Дженалиева Жарандык кодекстин 308-беренесине жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү менен, өндүрүштүк жаракаттын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча дайындалган төлөмдөрдү алган жабырлануучулар ал төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты деп эсептейт, анткени, эсептешүү көрсөткүчү минималдык айлык акы менен минималдык айлык акынын өлчөмүнөн калдыксыз бөлүнүү менен бекитилген төлөмдөр, компенсациялар, башка төлөмдөр же экономикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты алып салуу үчүн багытталган. Ушуга байланыштуу, И. Дженалиеванын пикири боюнча, көптөгөн жылдар бою жабыр тарткан үй-бүлөнү багуучу адамга төлөп берүү өлчөмү көтөрүлө элек, ушунун кесепетинен бул адамдардын кызыкчылыгы корголбой келет.

 

Арыз ээлеринин позициясы

Кайрылуучу тарап, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр социалдык жактан төлөмдөр деп саналбайт жана Жарандык кодекстин 308-беренесинде, Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнө байланыша албайт деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, И. Дженалиева 2008-жылдын 19-мартындагы №24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы №103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр конституциялык эмес жана Конституциянын 9-берененин 2-бѳлүгүнѳ, 20-берененин 1-бѳлүгүнѳ, 39 жана 53-беренелерге карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө суранат.

 

Конституциялык палатанын позициясы

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет болуп саналат, социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыз кылат (Конституциянын 1-берененин 1-бөлүгү, 9-берененин 2-бөлүгү, 53- берененин 2-бөлүгү).

Өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуунун алкагында, мыйзам чыгаруучу тарабынан Эмгек кодексинин 18-главасы жана Жарандык кодексинин 51-главасы менен жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын аныктоо механизми, анын төлөп берүү тартиби, анын ичинде кайра уюштуруу же зыян келтирүү боюнча жооптуу жумуш берүүчүнүн жоюлган учурлары каралган.

Көрсөтүлгөн Эмгек жана Жарандык кодекстеринин главаларында ошондой эле жаранды күтүүгө төлөнүүчү зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүүсү каралган. Атап айтканда, Жарандык кодекстин 308-беренесинде, ага Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартында кабыл алынган №24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин, түздөн-түз жаранды күтүүгө акча каражаттарынын милдеттенмеси боюнча төлөнүүчү суммасы минималдык айлык акы көбөйгөн сайын көбөйөт деп бекитилген. Ушул сыяктуу маселелер Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө чечилген.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы №24 жана 2009-жылдын 30-мартындагы №103 Мыйзамдары менен төмөнкүдөй көрсөтүлгөн Жарандык жана Эмгек кодекстеринин беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген жана «минималдуу эмгек акыны», «эмгек акынын минималдуу өлчөмү» деген сөздөр, «эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү» деген сөздөр менен алмаштырылган.

Аталган өзгөртүүлөрдү мыйзам чыгаруучу 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу киргизген.

 

Конституциялык палата мыйзам чыгаруучу тарабынан эмгек акынын минималдуу өлчөмү жана төлөмдөр, компенсациялар, башка төлөмдөрдүн ортосундагы байланышты алып салуучу «эсептешүү көрсөткүчү» деген жаңы түшүнүктүн укуктук жөнгө салууга киргизилиши адамдын минималдык керектөөлөрүн камсыз кылган эмгектин минималдык өлчөмүнүн деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, минималдык эмгек акы төлөө институтунун конституциялык-укуктук табияты жумушчуга ал тарабынан аткарылган эмгек милдеттерин сый акы катары кепилдик акча каражатынын минимумун белгилөөнү божомолдойт. «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынганга чейин байкоо жүргүзгөндөй, эмгек акынын минималдуу өлчөмүнө андан да кеңири иш-милдеттерди берип койгондук, конституциялык-укуктук жаратылыш институту менен макулдашылган эмес, анын кесепетинен өлчөмдүн өсүшү жасалма кармалып турган.

Негизсиз аз айлык акыдан коргоо 1970-жылдагы №131 «Эң төмөнкү эмгек акыны белгилөө жөнүндө» Эл аралык эмгекти уюмунун Конвенциясы тарабынан каралган, ал Кыргыз Республикасынын 2006-жылы 19-июлдагы №115 Мыйзамы менен ратификацияланган. Бул Конвенцияга ылайык мамлекеттер жалданып иштегендердин бардык топторун камтыган, минималдык айлык акыны белгилөө тутумун киргизүүгө милдеттенишет, андагы жумуш шарты мындай тутумдун киргизилишин максаттуу кыла алат.

 

Ошентип, минималдык эмгек акы төлөөнүн конституциялык-укуктук табиятынан алып караганда, мыйзам чыгаруучу тарабынан Жарандык кодекстин 308-беренесине жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү тартиби менен өзгөртүү киргизүүсүн Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39 жана 53-беренелерине каршы келет деп кароого болбойт.

Ошону менен бирге, зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүү тартибинин жаңы укуктук жөнгө салууга өтүшү Конституциянын 9-беренесинин 2-бөлүгүндө жарыя кылынган социалдык жактан корголбогон жарандардын категориясын колдоо боюнча конституциялык–маанилүү максаттарга каршы келбеши керек. Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү, анын укуктук табиятынан алып караганда, белгисиз бир мезгилге чейин статистикалык болуп кала алат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык жактан камсыз кылуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылган аткаруу бийлигинин жогорку органы катары, зыяндын ордун толтуруу суммасын көбөйтүүнүн күчкө ээ механизмин иштеп чыгышы керек. Тескеринче, Жарандык кодекстин 308-беренеси жана Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгү декларативдүү болуп калуу менен, каалаган максатына жете албайт, мына ушул максаттарга жетүү үчүн көрсөтүлгөн беренелер бул кодекстерде каралган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Конституциялык палата 2008-жылдын 19-мартындагы №24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Жарандык кодекстин 308-беренесине жана 2009-жылдын 30-мартындагы №103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

 

Процессте төрагалык кылган      Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                       Эркинбек Тобокелович Мамыров