Меню навигации+

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Ушул жылдын 22-сентябрында Конституциялык палата, саясий партиялардын шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлигине коюу укугун берген, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарган.

Арыз ээсинин пикири боюнча, талашка түшкѳн ченем, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоого талапкерлерди коюу укугун жалгыз гана саясий партияларга берүү менен, бир катар конституциялык принциптерди бузат жана шаардык кеңешке шайлануу укугуна тоскоол болот, анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укуктун маңызын бурмалайт.

 

Арыз ээси далилдегендей, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине пропорциялуу шайлоо системанын негизинде шайлоо өткөрүүдө саясий партияларда турбаган жарандарга – өздөрүнүн шайланууга болгон укугун ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт, ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлана албайт. Андан сырткары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шаарлардын жергиликтүү кеңешинин депутатын шайлоого катышууда, демек, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүргүзүүгө катышууга болгон укугун бузат, анткени анын шайлоодо партиянын катарында турбаган жаранды колдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат жана партия менен киргизилген талапкерлердин ортосунан тандоого мажбур кылат.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Конституция, шайлоону элдик бийликти, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн түз ишке ашырылышынын жогорку тариздеринин бири катары кароо менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына шайлоо жүргүзүү тартибин түз бекиткен эмес. Конституцияга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүү тартиби мыйзам менен жѳнгѳ салынат. Ушуну менен, мыйзам чыгаруучуга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өткөрүү учурунда шайлоо тартиптерин жана иш чараларын орнотууда дискрециялык укук берилген.

 

Ушул кезекте, мыйзам чыгаруучу тарабынан шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун пропорциялуу системасынын орнотулушу, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого караганда, талапкерлерди көрсөтүүнүн башка тартибин караган. Талашка түшкѳн ченемдик жоболору жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибин жана шартын жөнгө салат. Талапкерлерди көрсөтүү стадиясында, талашка түшкөн ченем, саясий партияларга шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди коюу укугун берген. Бул пропорциялуу шайлоо системасынын маңызынан келип чыгат, жана шайлоо процесстин негизги субъекттери болуп өзүнчө талапкерлер эмес, саясий партиялар болуп саналаарын болжолдойт жана ал партиялардагы талапкерлердин тизмеси шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө өз ара атаандаштыкка түшүшөт. Саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин түзүү жана көрсөтүү пропорциялуу өкүлчүлүктүн шайлоо системасынын мүнөздүү белгиси болуп саналат.

 

Кѳрсѳтүлгѳн, демократиялык шайлоо стандарттары жѳнүндѳ 2002-жылдын 7-октябрында чыккан, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин демократиялык шайлоо, шайлоо укугу жана эркиндиктери жѳнүндѳ Конвенцияга ылайык, жарандын шайлоо жана шайлануу укугу конституцияда жана (же) мыйзамдарда бекитилет, ал эми аны ишке ашыруу тартиби мыйзам тарабынан аныкталат. Бул учурда, Конституция жана эл аралык шайлоо стандарттары мыйзам чыгаруучуну шайлоо системасынын кандайдыр бир түрүн орнотууга милдеттендирбейт. Шайлоо системасынын түрүн тандоо жана мыйзамда тиешелүү шайлоо жол-жоболорун бекитүү конкреттүү социалдык-саясий шарттардан жана мамлекеттик саясий системасынын өнүгүү өзгөчөлүгүнөн көз каранды. Ошентип, тигил же бул шайлоо система жарандардын шайлоо укугун чектөө көрсөткүчү болуп саналбайт.

 

Шайлоо укугун ишке ашыруу, жарандын анын шайлоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берген, мыйзам тарабынан ыкмаларды жана шарттардын болушун божомолдойт. Ошол эле учурда, шаардык жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодогу колдонуудагы укуктук жөнгө салуу партиянын катарында турбаган жарандар үчүн пассивдүү шайлоо укугун ишке ашырууда кепилдиктерди жетиштүү камтыбайт. Мыйзамда, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине кандайдыр бир саясий партиягы таандык эмес жана саясий көз караштарды жана ынанымдарды бөлүшпөгөн талапкерлерди көрсөтүү мүмкүндүгүн камсыз кылган укуктук механизмдин жоктугу, алардын шайлануу укугун ишке ашырууга тоскоол болот. Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, арыз ээсинин далилдерин көңүлгө алуу менен, каралып жаткан маселеде тиешелүү укуктук жөнгө салуунун жоктугу талашка түшкөн ченемди конституциялуу эмес ден таанууга негиз болбойт деп тыянак чыгарат.

 

 

Төрагалык кылган                                                Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Клара Сыргакбековна Сооронкулова