Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2 беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014–жылдын 14-майында ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги ички иштер органдарында кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосунда, 5 жылга узартылышы мүмкүн деп караштырган «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2 беренесинин 2-бөлүгү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды.

 

Арыз ээсинини пикири боюнча, ички иштер органында кызмат өтөөнү узартуу тартиби мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынбашы керек жана адам укуктарын чектѳѳ болуп саналат.

 

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

Мыйзам абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салууга арналгандыктан, ал коомдук мамилелердин тигил же бул өңүттөрүн толугу менен жөнгө салуунун кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүн камтый албайт. Мыйзамдарды конкреттештирүү жана деталдаштыруу максатында мыйзам алдындагы ченемдик актылар чыгарылат, алардын айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп, алар мыйзамдын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат жана эч убакта бирибирине карама-каршы келбеш керек.

Ошону менен, кайрылуучу субъект тарабынан талашка түшкөн ченемдик жобо адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин чектөө катары карала албайт, анткени субъективдүү укуктун мазмунун козгобойт, тескерисинче, орнотулган чектелген жаш курактан тышкары ички иштер органында кызмат өтөөнү узартуу мүмкүндүгү жөнүндө эреже мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

 

 

Төрагалык кылган                        Мукамбет Шадыканович Касымалиев

 Судья-баяндамачы:                       Клара Сыргакбековна Сооронкулова