Меню навигации+

Пресс-релиздер

25.02.2021

2021-жылдын 19-февралында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен банктын капиталына чектүү катышууга ниеттенген кандай гана жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттенмени белгилеген 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, ошондой эле ушул эле Мыйзамдын, эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз сатып алынган учурда, Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуулугун белгилеген 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)

28.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 27-январында Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карап чыгып, көрсөтүлгөн Тизмектин талашылып жаткан ченемин Конституциянын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

20.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 20-январында Жазык-процесстик кодексинин «алардын макулдугу менен  чакыртылышы мүмкүн» деген сѳздѳр менен баяндалган 515-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

13.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 13-январында Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, көрстөтүлгөн Кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүн аны чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө баяндалган конституциялык-укуктук мааниде колдонулган шартында Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты, ошондой эле аталган Кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгү мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна, анын ичинде ушул токтом менен кызыкчылыгы бузулган адамдар тарабынан даттануу келтирүү мүмкүнчүлүгү каралбаган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды. (more…)

24.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 23-декабрында КР Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди, эгер чыгарылган соттук акты менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары же мыйзам менен корголуп жаткан кызыкчылыктары бузулган болсо, аларга кассациялык доо арыз менен кайрылууга укук бербеген бөлүгүндө КР Конституциясына карама-каршы келет деп тааныган. (more…)

17.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 16-декабрында Жазык процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, камакка алуу превентивдүү мүнөздө болуп, айыпталуучуга карата гана колдонулушу мүмкүн деп белгилеген. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун маңызы адам анын сотто айыптуулугу жөнүндө маселеси толук чечилмейин эркинен ажыратылуусу болуп саналат. Мында айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашынуу, иш боюнча сотко акыйкаттыкты аныктоодо, соттун өкүмүн аткарылышын камсыз кылууда тоскоолдук туудуруу мүмкүндүгү бөгөт коюунун негизги максаты болот. (more…)

02.12.2020

2020-жылдын 2-декабрында Конституциялык палата Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык Мыйзамды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

02.11.2020

Конституциялык палатанын соттук коллегиясы жаран Н.А. Касымбековдун, Т.Б. Усубалиевдин жана «Реформа» саясий партиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, өтүнүчтөрдү өндүрүшкө кабыл алды. (more…)

22.10.2020

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Конституциянын көз карашынан алганда, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда айкын жана одоно бузуу үчүн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартууну мүмкүн деп тааныган, бирок мында судьядан, ал эмес аны жоопкерчиликке тартууга байланышса да, конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылуумүмкүн эмес деп эсептейт. (more…)

15.10.2020

2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты. (more…)

01.10.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 30-сентябрында Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү боюнча  ишти карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен айтылган талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

17.09.2020

2020-жылдын 16-сентябрында Конституциялык палата С.А. Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

04.09.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. (more…)

19.06.2020

 

Ж.А. Шаршеналиевдин судья болуп шайланганына жана кворумдун болгондугуна байланыштуу Конституциялык палата иштерди кароого киришип, 2020-жылдын 18-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

19.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 18-мартында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын салуу жөнүндө чечимдери даттанууну жокко чыгарат, ал арыздануучунун пикири боюнча кодуланбоонун конституциялык принцибинин, ошондой эле ар кимдин соттук коргонууга укугунун бузулушуна алып келет дейт. (more…)

12.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 11-мартында Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан токтомду Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты. (more…)

21.11.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 20-ноябрында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Мыйзамдын 8-беренесинин 17-бѳлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2, 3, 4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

31.10.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтому менен бекитилген Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 21-пунктунун 9-пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган. (more…)

24.10.2019

Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин чыгыш теги табигый, бирок алардын көлөмүнүн абалы адам же жаран кайсы бир конкреттүү социалдык шарттарга туш болгондо ошого жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Андай шарттардын бири адам өз ыктыяры менен өзүнө социалдык ролду алуусу менен, ошого жараша өзүнө үлгүлүү жүрүм-турум милдеттенмесин дагы бирге алат. (more…)

12.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 11-сентябрында М.М. Жорокулов, К.Л. Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК, Б.Т. Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Бузуулар жѳнүндѳ кодекстин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди соттук коргонуу жана ишти жогору турган сотто каратуу укуктарын чектѳѳгѳ тыюу салууну караштырган Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. Мында, Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдин бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдигин, Жогорку соттун иштерди кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын жана анын актыларынын акыркы болуп эсептелээрин регламенттеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 96-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн тапкан жок. (more…)