Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

08.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Конституциялык сот А.К. Алагушевдин жана Н.К. Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот, талашылып жаткан ченемдер укуктук аныктык принцибине ылайык келбеген жана эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн таламдарына карама-каршы келбесе жана жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, ачык жарыяланышы мүмкүн болгон маалыматтардын тизмесин камтыбаган даражада Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын жоболоруна карама-каршы келет деген тыянакка келди.

 

Конституциялык сот өз чечиминде демократиялык коомдо сөз жана сөз эркиндигинин баалуулугу анын коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө реалдуу көрүнүшүндө жана анын презумпциясына алып келиши керек, бирок бул эркиндик абсолюттук болушу мүмкүн эмес, анткени социумдун табияты коомдук жана жеке мүнөздө болушу мүмкүн болгон ар кандай кызыкчылыктардын байланышын болжойт деп белгилеген.

 

Коомдун кубаттуу өзгөрүшүнүн заманбап шарттарында, ошондой эле адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнүн кеңейиши жана татаалдашы менен кылмыштар барган сайын амалы күчтүү болуп, кубулуп баратат. Демек, тергөө ыкмалары дайыма өркүндөтүлүп, бүгүнкү күндүн реалдуулуктарына жооп берген жаңы каражаттардын киргизилишине гана эмес, ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренеси менен бекитилген тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарбоо талабы сыяктуу өзгөчө коргоо чараларына да муктаж.

 

Бул тыюу салуу маанилүү коомдук жана жеке кызыкчылыктарды көздөп, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди чектөө мүмкүндүгү жөнүндөгү конституциялык жобого шайкеш келет (Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү). Ошол эле учурда тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу абсолюттук болушу мүмкүн эмес, анткени тергөө органдарынын колундагы бардык эле маалыматтар тергөөнүн же жазык процессинин катышуучуларынын таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон сырды же маалыматтарды милдеттүү түрдө камтыбайт.

 

Конституциялык сот тергөөнүн сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого байланыштуу маселелерди регламенттөөдө бул маалыматтардын мазмуну, алардын тергөөнүн кызыкчылыктары жана (же) жазык сот өндүрүшү процессинин катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен байланышы, аларды ачыкка чыгарууга жол берилүүчү так аныкталган мыйзамдык критерийлердин негизинде эске алынууга тийиш. Мындай жөнгө салуу адилеттүүлүк, теңдик жана пропорционалдык принциптери тарабынан сакталышы талап кылынган конституциялык жактан корголуучу баалуулуктардын, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүш керек деп белгилеген.

 

Мындан тышкары, жазык сот өндүрүшү маселелерин ченемдик жөнгө салууда укуктук аныктык принцибин кыйшаюусуз сактоо жана ыйгарым укуктуу процессулдык жактар үчүн чексиз дискреция мүмкүнчүлүгүн колдонтпоо зарылдыгынан улам, тергөөнүн ачыкка чыгарууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таануу үчүн негиз, ошондой эле аларды колдонууга жол берилген мөөнөт сыяктуу талашылып жаткан ченемдердин мындай аспектилери кыйла так ченемдик жөнгө салынууга жатат.

 

Ушуга байланыштуу, эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн таламдарына карама-каршы келбесе жана жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуу менен байланышпаса, мыйзам чыгаруучу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинде жогоруда көрсөтүлгөн укуктук жөнгө салуунун көйгөйлөрүн чечүү менен бирге, тергөөчүнүн же прокурордун макулдугу менен жарыяланууга мүмкүн болгон, ошондой эле тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салынбаган маалыматтардын жана тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу деп таанылышы мүмкүн болбогон маалыматтардын тизмесин аныктап берүүгө тийиш.