Бишкек ш., 2026-жылдын 15-октябры — Бүгүн борбор калаадагы «Орион» мейманканасында Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар жылдык төртүнчү конференциясы ишин баштады. Быйылкы жолугушуунун башкы темасы — Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде экологиялык сот адилеттиги жана эл аралык стандарттар менен өлкөдөгү реалдуу практиканын ортосундагы тең салмактуулук.
Бул иш-чараны КР Жогорку соту менен КР Судьялар ассоциациясы уюштурду. Жогорку инстанциядагы соттордун судьялары, профилдик министрликтердин өкүлдөрү, эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр экологиялык кырдаалга жана климаттык саясатка соттор кандайча реалдуу таасир эте аларын талкуулоо үчүн бир столдун тегерегинде чогулушту.
Катышуучулардын өзгөчө көңүлүн жаратылышты коргоонун институционалдык механизмдери бурду. Тематикалык сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Чаткалбековна Жолдошева «Конституциялык контроль – келечек муундун экологиялык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу каражаты» деген баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө конституциялык мыйзамдын призмасы аркылуу жарандардын учурдагы экологиялык укуктарын гана эмес, ошондой эле кыргызстандык келечек муундар үчүн да коопсуз чөйрөнү кантип камсыз кылуу керек деген маанилүү маселени көтөрдү.
Конференция дискуссия жана практикалык кадамдарды талкуулоо форматында өз ишин улантат, алар республикада экологиялык сот адилеттигин мындан да натыйжалуу кылууга жардам берет.
2026-жылдын 5–8-октябрында Түркия Республикасынын Анкара шаарында Азия конституциялык соттору жана эквиваленттүү институттар ассоциациясынын (AACC-CTHRD) Адам ресурстарын даярдоо жана өнүктүрүү борборунун 14-жайкы мектеби болуп өттү. Иш-чара Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулуп, быйылкы программа
«Укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн негизги принциптери» темасына арналды.
Жайкы мектептин алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын өкүлдөрү
Кыргыз Республикасында укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн конституциялык негиздери жана чектери, ошондой эле мындай чектөөлөрдүн жол берилүүсүнө байланыштуу Конституциялык соттун укуктук позициялары тууралуу баяндама жасашты.
Аталган иш-чарага Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун жана эквиваленттүү институттарынын өкүлдөрү катышып, адамдын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууга мамлекеттин кийлигишүүсүнүн жол берилүүчү чектерин аныктоонун эл аралык жана улуттук ыкмаларын карап чыгышты. Ошондой эле тажрыйба алмашуу жана конституциялык принциптерди колдонууга байланышкан практикалык маселелер боюнча пикир алышуу болду.
Жайкы мектеп конституциялык көзөмөл жаатындагы адистердин ортосунда кесиптик диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана катышуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.
Программанын жыйынтыгында катышуучуларга Жайкы мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
07.10.2026
06.10.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы Адвокатура жана адвокаттык иш, ошондой эле юридикалык өкүлдөр жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө шайкештигин текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Талашылып жаткан ченемде адвокат тарабынан аталган Мыйзамдын талаптары бузулган учурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензиядан ажыратуу каралган.
Арыз ээсинин пикиринде, аталган ченем укуктук тактык талаптарына жооп бербейт, анткени мындай катаал чараны колдонууга негиз боло турган мыйзам бузуунун мүнөзүн, оордук даражасын жана кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди белгилебейт. Мындай критерийлердин жоктугу мыйзам бузуунун олуттуулугуна карабастан, ар кандай мыйзам бузуу үчүн лицензиядан ажыратууга жол берип, укук колдонуу органынын кароосуна өтө кеңири чектерди берет. Арыз ээси бул жагдай ченемди өзүм билемдик менен колдонууга шарт түзүп, эмгек эркиндигине жана кесипти
02.10.2026
2026-жылдын 1–2-октябрында Самарканд шаарында Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын VII Конгресси «Санариптештирүү жана жасалма интеллект шарттарындагы конституциялык сот адилеттиги» деген темада өттү. Конгресстин ишине 20дан ашык өлкөнүн конституциялык жана жогорку сотторунун жетекчилери жана өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы окумуштуу-укук таануучулар катышты. Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясына 22 өлкө кирет.
Кыргыз Республикасынын атынан Конгрессте Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев өкүлчүлүк кылды. Ал санариптештирүүнүн жана жасалма интеллекттин конституциялык аспектилерине арналган баяндама жасады. Баяндаманын өзөгүн мамлекеттик башкарууда жана сот адилеттиги чөйрөсүндө санариптик технологиялар жана жасалма интеллект активдүү колдонулуп жаткан шартта конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу маселеси түздү. Эмил Осконбаев жасалма интеллектти көмөкчү каражат катары колдонууга болорун, бирок ал соттун көз карандысыз укуктук баа берүүсүн алмаштырбашы керектигин белгиледи. Мындай технологияларды колдонууда алгоритмдердин ачыктыгын жана текшерилишин камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо, басмырлоого жол бербөө, ошондой эле адамга кабыл алынган чечимдин негиздери жөнүндө маалымат алуу жана аны натыйжалуу даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгына көңүл бурду.
Ошондой эле Э. Осконбаев «Конституциялык көзөмөлдөгү жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөрү, укуктук чектери жана процессуалдык кепилдиктер» аттуу II пленардык жыйында модератор катары сөз сүйлөдү. Жыйындын катышуучулары конституциялык көзөмөл органдарынын ишинде жасалма интеллектти колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана адам укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон укуктук кепилдиктерди талкуулашты.
Конгресстин жыйынтыгы боюнча катышуучулар Самарканд декларациясын кабыл алышты. Анда санариптик трансформациялоо шартында Конституциянын ү...
01.10.2026
2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулган «Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана кадыр-баркын чыңдоонун укуктук маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Россия Федерациясынан анын Жогорку сотунун Төрагасы Игорь Краснов катышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын сот органдарынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Конференциянын жүрүшүндө сот бийлигинин көз карандысыздыгы, аны финансылык жактан камсыз кылуу, сот адилеттигин санариптештирүү, судьяларды даярдоо жана соттун кадыр-баркын жогорулатуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев азыркы шарттарда сот бийлигинин көз карандысыздыгы өз ара байланышкан үч багытта — укуктук, финансылык жана санариптик багыттарда камсыз кылынууга тийиш экендигин белгиледи. «XXI кылымда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылган бери дегенде эле үч – укуктук, финансылык жана санариптик ченеми болушу керек», — деп баса белгиледи ал.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары да катышты. Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова «Кыргыз Республикасындагы сот бийлигинин көз карандысыздыгынын конституциялык-укуктук аспектилери» деген темада баяндама жасады. Ал сот бийлигинин көз карандысызды...
01.10.2026
2026-жылдын 1–2-октябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында «Санариптештирүү жана жасалма интеллект шарттарындагы конституциялык сот адилеттиги» темасында Азия конституциялык соттору жана ага теңештирилген институттар ассоциациясынын VII Конгресси өтүүдө.
Кыргыз Республикасын Конгрессте Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев баштаган делегация өкүлчүлүк кылууда. Бүгүн, 1-октябрда, Ассоциациянын Башкы катчыларынын жыйыны, Мүчөлөр кеңешинин жыйыны, жумушчу жана эки тараптуу жолугушуулар, Конгресстин ачылыш аземи, ошондой эле
«Санариптик трансформация шарттарында судьялардын көз карандысыздыгы, адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү» темасында I пленардык жыйын өтөт. Жыйындын алкагында Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев баяндама жасайт.
2-октябрда «Конституциялык көзөмөлдөгү жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөрү, укуктук чектери жана процесстик кепилдиктер» темасында II пленардык жыйын өтөт. Ага Эмиль Осконбаев жана Индиянын Башкы судьясы Сурья Кант модераторлук кылат. Ошондой эле бул күнү Түрк дүйнөсүнүн конституциялык юрисдикцияларынын конференциясынын жумушчу жыйыны, Ассоциация Мүчөлөр кеңешинин жыйынтыктоочу жыйыны жана VII Конгресстин жабылыш аземи өтөт.
29.09.2026
Урматтуу Жамиля Акматбековна!
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана үй-бүлөңүзгө апаңыз, белгилүү инсан Тамара Жаманбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Бул оор жоготууга байланыштуу Сизге жана жакындарыңызга терең кайгыруу менен ортоктош болуп, бекем кайрат, сабырдуулук жана күч-кубат каалайм.
Өмүрүн ата мекендик телевидение тармагына, журналистикага жана маданиятка арнаган көрүнүктүү инсан Тамара Жаманбаеванын кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы Эмил Осконбаев
24.09.2026
Бүгүнкү күндө жер маселелери эң актуалдуу темалардын бири бойдон калууда. 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн сотторуна келип түшкөн административдик доолордун 63,79 пайызы жер талаштарына байланыштуу болгон. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту судьялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Башкы прокуратуранын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жер мамилелери чөйрөсүндө административдик жол-жоболорду жүргүзүүдө келип чыккан көйгөйлүү маселелер» аттуу тегерек стол өткөрдү.
Иш-чараны ачып жатып, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова ачык кесиптик диалог жүргүзүүнүн жана конструктивдүү чечимдерди издөөнүн зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын иши адамга жана анын укуктарын коргоого багытталууга тийиш экенин баса белгиледи.
Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова өз баяндамасында бул маселеге конституциялык өңүттөн токтолуп: «Ар бир жер талашынын артында конкреттүү адам жана анын укугу турат», — деди. Ал мыйзамдуу түрдө алынган жер укугу мамлекет тарабынан урматталып, корголууга тийиш экенин, ал эми аны чектөө өзүм билемдик менен жүргүзүлбөшү керектигин белгиледи.
Катышуучулар жер тилкелерин берүү, каттоо жана алып коюу маселелерин, ошондой эле мындай талаштарды кароонун соттук практикасын талкуулашты. Талкуунун өзөгүндө жөнөкөй, бирок принципиалдуу суроо турду: жер маселелерине байланыштуу жол-жоболорду адамдын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, анын укуктарынын реалдуу корголушун кантип камсыз кылууга болот? Жолугушуунун жыйынтыгында мыйзамдарды жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты.
23.09.2026
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык программа кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын жана тереңдигин чагылдырган чечендик жана көркөм сөз өнөрүнө арналды. Аппараттын кызматкерлери эне тил тууралуу ырларды көркөм окуп, элдин кылымдар бою топтогон тажрыйбасын жана руханий баалуулуктарын камтыган макал-лакаптарды жана учкул сөздөрдү айтып беришти. Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары акын Темирбек Матыбаев комуздун коштоосунда өнөр тартуулап, кыргыз тилинин күчүн, байлыгын жана көркөмдүгүн даңазалады. Майрамдык программаны улуттук бийлер коштоду.
Өз сөзүндө Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев кыргыз тили кылымдарды карыткан тарыхый жолду басып өтүп, элдин тарыхын, топтогон тажрыйбасын жана каада-салтын муундан муунга өткөрүп келгенин белгиледи. Ал бул руханий мурастын улуулугун «Манас» эпосу айгинелеп турарын айтып, кылымдар бою ооздон оозго, устаттан шакиртке, муундан муунга өтүп келген улуу эпостун ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын бир бөлүгү катары таанылганына токтолду.
Ошондой эле кыргыз тилинин укуктук чөйрөдөгү ордуна өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Конституциялык соттун чечимдери мазмуну терең, негиздүү жана салмактуу болуу менен бирге, ар бир адамга түшүнүктүү тилде жазылышы зарылдыгын белгиледи. Анткени ар бир чечимдин артында адамдын укуктары жана эркиндиктери турат. Ошондуктан юридикалык тактык менен коомчулукка түшүнүктүүлүктүн айкалышы өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.
Конституциялык соттун судьясы Кырккелди Кыдырбаев да кесиптештерин жана Соттун Аппаратынын кызматкерлерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилинин улуттук маданиятты, элдин өзгөчөлүгүн жана муундар ортосундагы байланышты сактоодогу маанисин белгиледи.
22.09.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 96-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алды.
Талашылып жаткан ченем жогору турган инстанциядагы сотко конкреттүү ишти кароодо аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу судьяга карата жеке аныктама чыгарууга, ошондой эле мындай актыны тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.
Арыз ээсинин пикири боюнча, судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы аракеттерине баа берүүнү камтыган жеке аныктама жагымсыз кесепеттерге, анын ичинде тартиптик өндүрүштү козгоого жана бул жагдайды судьянын кесиптик ишмердигин баалоодо эске алууга алып келиши мүмкүн. Мындай жагдай сот чечимдерин кабыл алууда судьяга чектөөчү таасирин тийгизип, судьянын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктерин козгошу мүмкүн.
21.09.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 3, 5, 77 жана 83-беренелеринин жоболорунун Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин жоболору менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Талашка алынган жоболор бажы мыйзамдарынын убакыт боюнча колдонулушун, мөөнөттөрдү эсептөөнү жана бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуунун мөөнөттөрүн жөнгө салат. Маселе 2011 жана 2013-жылдары убактылуу алып келинген транспорт каражаттарына байланыштуу бажы төлөмдөрүн жана туумдарды өндүрүп алуу жөнүндө иштерди кароодо келип чыккан. Аталган транспорт каражаттарынын өлкөдөн чыгарылбагандыгы 2024-жылы аныкталган.
Кайрылууда бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөттөрүнүн укуктук аныктуулугу, анын ичинде мөөнөттүн башталган учуру жана акыркы чеги, ошондой эле мурда келип чыккан укуктук мамилелерге кийин кабыл алынган укуктук жөнгө салууну колдонууга, эгерде бул адамдын укуктук абалын начарлатышы мүмкүн болсо, жол берилер-берилбеси тууралуу маселелер көтөрүлгөн.
19.09.2026
16.09.2026
Конституциялык сотто төрага Эмиль Осконбаевдин Кыргыз Республикасындагы миссиясын аяктап жаткан БУУнун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарышты жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты. Антье Граве 2023-2027-жылдарга БУУнун алкактык программасы аяктап баратканын, ал эми кийинки программаны даярдоо башталганын билдирди. Жаңы документти иштеп чыгууда мыйзамдын үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, мамлекеттик институттарды бекемдөөгө жана сот адилеттигине жетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Буга байланыштуу Антье Граве Конституциялык соттун кесиптик пикиринин жана анын келечектеги артыкчылыктарды талкуулоого катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Эмиль Осконбаев Кыргызстан үчүн БУУ менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени эл аралык тажрыйба жана эксперттик колдоо мамлекеттик институттарды жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө жардам берерин белгиледи. Ал укуктун үстөмдүгү жана адам укуктарынын кепилдиктери мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи экенин, ал эми улуттук институттардын эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды эске алууга жана заманбап чечимдерди табууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Төрага Антье Гравеге ачык диалог жана жемиштүү биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, андан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады жана кесиптик байланыштарды улантууга үмүттөнөрүн билдирди.
16.09.2026
15.09.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 554-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 100-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчүтy өндүрүшкө кабыл алды.
Кайрылуу укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна берилген даттануу боюнча кабыл алынган биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттанууда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорго тиешелүү.
Талашылып жаткан ченемге ылайык, апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот даттанууну канааттандыруусуз калтырууга; биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтырууга; же биринчи инстанциядагы соттун жана ыйгарым укуктуу органдын токтомдорун жокко чыгарып, иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктуу.
Арыз ээлери талашылып жаткан ченемде апелляциялык инстанциядагы соттун жаңы чечим кабыл алууга, соттук актыны өзгөртүүгө же ишти кетирилген бузууларды жоюу үчүн жаңыдан кароого жөнөтүүгө ыйгарым укуктары каралбаганын белгилешет. Алардын пикиринде, мындай чектөө натыйжалуу соттук коргоого тоскоолдук кылат жана ишти жогорку инстанциядагы сот тарабынан кайра кароонун конституциялык кепилдиктерин толук камсыз кылбайт.
Аныктама менен кененирээк төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/09/opred-o-prinyatii-ot-15.09.26.pdf