Меню навигации+

Жаңылыктар

16.04.2026
 Конституциялык баалуулуктарды жайылтууга, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана Конституциянын үстөмдүгү принциптерине болгон урмат-сыйды бекемдөөгө багытталган агартуу демилгелерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн жогорку окуу жайларында жерине баруу менен лекциялардын циклин өткөрүүнү улантууда.   Студенттер менен кезектеги жолугушуулар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академиясында өттү. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дуйшеев жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жамил Асанбекович Шаршеналиев катышты.   Лекциялардын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздери, Конституциянын жогорку юридикалык күчкө ээ документ катары ролу, мамлекеттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууда конституциялык көзөмөлдүн мааниси, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо механизмдери түшүндүрүлдү.   Өзгөчө көңүл Конституциялык соттун практикалык ишмердүүлүгүнө, кайрылууларды кароо тартибине, кабыл алынган чечимдердин юридикалык табиятына жана алардын улуттук укуктук системаны өнүктүрүүдөгү маанисине бурулду. Ошондой эле сот өкүлдөрү азыркы конституциялык практикадан алынган мисалдарды келтиришти, бул аудиториянын чоң кызыгуусун жаратты.   Ачык диалог форматында студенттер актуалдуу укуктук процесстер, сот бийлигинин көз карандысыздыгы, азыркы мамлекеттеги судьянын ролу жана Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн келечеги боюнча суроолорду  берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.   Мындай жолугушуулар жаштардын Конституциянын баалуулугун терең түшүнүүсүнө, укуктук ой жүгүртүүсүнүн калыптанышына жана келечектеги юристтердин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык укуктарды коргоо маселелерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө т...
09.04.2026
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында кезектеги Ачык эшиктер күнү өттү. Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин студенттери катышты.   Болочок юристтер Конституциялык сотту чечим кабыл алуучу орган катары гана эмес, конституциялык адилеттикти камсыз кылган жандуу механизм катары көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Экскурсия соттун имараты менен таанышуудан башталып, студенттерге органдын түзүлүү тарыхы, мамлекеттик бийлик системасындагы орду жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл жарандардын кайрылууларын кароо практикасына жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого бурулду.   Программанын  уландысы катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дуйшеев менен жолугушуу өттү. Ачык жана бейформал баарлашуу учурунда ал өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, конституциялык сот адилеттигинин иш жүзүндөгү өзгөчөлүктөрү, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын мааниси жана чечим кабыл алууда жогорку жоопкерчилик тууралуу айтып берди.   Жолугушуунун өзгөчө бөлүгү катары студенттер кеңешме бөлмөсүнө — иштер боюнча акыркы чечимдер кабыл алынган жайга барышты. Алар укуктук позициялар калыптануучу атмосфераны сезип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.   Жолугушуунун жыйынтыгында Карыбек Арстанбекович студенттерге кайрылып, келечектеги юристтер үчүн принципиалдуулук, чынчылдык жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү маанилүү экендигин  белгиледи.   Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана Конституцияга, ошондой эле сот адилеттиги институттарына болгон урмат-сыйды калыптандырууга багытталган.
03.04.2026
Конституциялык сот адилеттиги формалдуу чектөөлөрсүз — дал ушундай форматта Конституциялык сотто КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.   Иш-чара өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Студенттер үчүн бул окуу аудиториясынан сырткары чыгып, конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү реалдуу шарттарда кандайча жүргүзүлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.   Жолугушуунун программасы соттун ишмердүүлүгү менен практикалык багытта таанышуу катары түзүлдү. Катышуучулар сот жыйындары өтүүчү залга барышып, иштерди уюштуруу жана даярдоо этаптары менен таанышып, ошондой эле ачык сот отурумдарынын алкагынан тышкары жүргөн процесстер тууралуу түшүнүк алышты.   Иш-чаранын негизги бөлүгү судья Чинара Аскарбековна Айдарбекова менен баарлашуу болду. Диалогдун жүрүшүндө соттун ыйгарым укуктары, ошондой эле  анын ишмердүүлүгүнүн мазмундук жагы — чечим кабыл алуунун логикасы, конституциялык ченемдерди чечмелөө ыкмалары жана ар бир акттын өлкөнүн укуктук тутуму үчүн мааниси талкууланды.   Айрыкча кайрылуулар келип түшкөндөн  тартып акыркы чечимди кабыл алууга чейинки практикалык аспекттер чоң кызыгууну жаратты. Студенттер суроолорду берип, реалдуу кейстерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты, бул  болсо жолугушууга колдонмо мүнөз берди.   Өткөрүлгөн иш-чара сот системасы менен жаштардын түз өз ара байланышына болгон суроо-талапты айкын көрсөтүп, мындай демилгелер болочок юристтердин кесиптик укуктук аң-сезимин калыптандырууда маанилүү экендигин тастыктады.  
03.04.2026
Конституциялык баалуулуктарды илгерилетүү жана жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары өлкөнүн жогорку окуу жайларында жерине баруу менен  лекциялардын сериясын өткөрүштү.   Судьялар Чинара Аскарбековна Айдарбекова жана Меергүл Рыскулбековна Бобукеева Кыргыз улуттук университетинин жана Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттери менен жолугуп, ачык диалог форматында конституциялык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Лекциялар салттуу академиялык форматтан чыгып, теориялык аспекттер менен катар судьялар өз ишмердүүлүгүнөн алынган практикалык кейстер менен бөлүшүп, Конституциянын ченемдери реалдуу укук колдонуу практикасында кандай иштей турганын айкын көрсөтүштү.   Көңүл борборунда укуктун үстөмдүгү, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери, ошондой эле мамлекеттик системанын туруктуулугун камсыздоодо жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодо Конституциялык соттун ролу болду.   Студенттердин  бул маселелерге кызыгуусу активдүү талкууда айкын көрүнүп, алар Конституциялык сотко кайрылуунун механизмдери тууралуу суроолорду беришти, конституциялык сот өндүрүшүнүн учурдагы негизги маселелерин жана укуктук мамлекетти бекемдөөдөгү жаштардын ролун талкуулашты.   Мындай жолугушууларды өткөрүү  студенттердин билим деңгээлин кеңейтүү менен гана чектелбестен, Конституцияны демократиялык жана укуктук мамлекеттин өнүгүшүн аныктаган негизги баалуулук катары аң-сезимдүү кабылдоону калыптандырат.  
24.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата өткөрүлүп жаткан жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана укуктук агартууга багытталган иш-чаралардын алкагында Конституциялык сот Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүп, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн судьялардын катышуусунда жолугушууларды жана лекцияларды уюштурууда.   Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Ала-Тоо университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чара эки топ студенттердин катышуусунда өтүп, алардын ар бири үчүн өзүнчө соттун имараты боюнча экскурсия жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы менен жолугушуу уюштурулду.   Студенттер үчүн соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Алар сот жыйындары өтүүчү залды, ошондой эле каралып жаткан иштер боюнча жыйынтыктоочу чечимдер кабыл алынуучу судьялардын кеңешме бөлмөсүн көрүштү. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Конституциялык соттун китепканасы менен таанышып, соттун аппаратынын ишмердүүлүгү, анын түзүмү жана Конституциялык соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттери тууралуу маалымат алышты.   Экскурсиядан кийин студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Айдарбекова Чинара Аскарбековна менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө судья Конституциялык соттун компетенциясынын өзгөчөлүктөрүн, анын жалпы юрисдикциядагы соттордон айырмасын, ошондой эле Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана мамлекеттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодогу негизги ролун кеңири түшүндүрдү.   Судья Конституциялык соттун чечимдеринин укуктук табиятына жана маанисине өзгөчө көңүл буруп, алардын милдеттүү юридикалык күчкө ээ экендигин, биротоло мүнөздө болорун,  адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталганын белгиледи. Конкреттүү мисалдарды келтирип,  чечимдердин мазмуну жана алардын укуктук кесепеттери түшүндүрүлүп, ошондой эле алардын укуктук системага жана укук колдонуу практика...
20.03.2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Сиздерди Жаз жарчысы, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун символу болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Кылымдарды карытып, муундан муунга уланып келген бул улуу майрам элибиздин бай тарыхын, руханий баалуулуктарын жана салт-санаасын айгинелеп турат. Нооруз табияттын жаңылануусун гана эмес, адамдардын жүрөгүндө жакшылыкка болгон ишенимди, ынтымакты жана өз ара сый-урматты да бекемдейт.

 

Бул жаркын майрам ар бир үйгө береке, бакубат жашоо жана молчулук алып келсин. Жүрөктөрүңүздөрдү жылуулукка, үмүткө жана жакшы тилектерге толтурсун.Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө багытталган ишмердүүлүгүңүздөрдө ийгиликтерди каалайм.

 

Нооруз майрамы элибизге тынчтык, биримдик жана жаркын келечек алып келсин!

 

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы    Эмиль Осконбаев

19.03.2026
2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Нооруз — жаңыланууну, салттардын улануучулугун жана коомдогу гармонияны туюндурган байыркы майрам болуп саналат.   Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, судьялар, сот аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле чакырылган конок — Кыргызстандагы азербайжандардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин төрагасы Бахшалиев Хансывар Рустамович катышты.   Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев, Нооруз элдердин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара урматтоонун универсалдуу баалуулуктарын алып жүрөт жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн бекем негизи болгон болуп саналат деп белгиледи.  Сөзүнүн аягында  жамаатты алдыдагы Нооруз жана Орозо айт майрамдары менен куттуктады.   Куттуктоо  сөзү менен,  ошондой эле Бахшалиев Хансывар Рустамович чыгып сүйлөп, чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы азербайжан диаспорасы үчүн дээрлик 90 жылдан бери мекен болуп келгенин өзгөчө баса белгилеп, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымак жана өз ара түшүнүшүүнүн өзгөчө атмосферасын белгиледи.   Иш-чаранын мазмундуу бөлүгүндө ар кайсы өлкөлөрдө Ноорузду  майрамдоо  салтынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган маданий-таанып-билүү программасы менен сунушталды. Анда Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Түркия Республикасы тааныштырылды.   Ар бир өлкө улуттук салттарын аутенттүү кийимдерди, элдик бий элементтерин, каада-салттарды, ошондой эле  молчулукту, тазаланууну жана жаңыланууну символдоштурган улуттук тамак-аштарды көрсөтүү аркылуу ачып беришти. Бул программа маданий мурастардын көп түрдүүлүгүн, анын тарыхый тереңдигин жана уланмалуулугун айкын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.   Нооруз майрамынын элдерди бириктирүүчү  маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, тын...
18.03.2026
                                                                                                                                Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова “Демократиялык туруктуулук үчүн мыйзам чыгаруу” темасында өткөн 2026-жылдагы алгачкы ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча кошумча кеңешмесине (Supplementary Human Dimension Meeting — SHDM) катышты. Иш-чара 16–17-март күндөрү Вена (Австрия) шаарында өттү.   ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) тарабынан уюштурулган иш-чарага ЕККУга мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, демократиялык мыйзам чыгаруунун, укуктун үстөмдүгүнүн жана адам укуктарын коргоонун негизги маселелерин талкуулашты.   Кеңешмени ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрагасы, Швейцариянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Рафаэль Нэгели жана ЕККУ ДИАУБдун директору Мария Телалиан куттуктоо сөздөрү  менен ачты.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова “Демократиялык мыйзам чыгарууда соттук контролдоо жана отчеттуулук” темасына арналган пленардык сессияда кириш сөз баяндамачы катары сөз сүйлөдү.   Өз сөзүндө ал натыйжалуу соттук контроль мыйзамдардын сапатын камсыз кылууда жана конституциялык принциптерди сактоодо негизги роль ойной турганын белгиледи. “Ченем жаратуу ишине соттук контролдоо жүргүзүү – бул токтотуу жана тең салмактуулук системасынын маанилүү элементтеринин бири болуп сан...
17.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жыл сайын 5-майда белгиленүүчү Конституция күнүнө карата жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн салттуу түрдө Ачык эшиктер күндөрүнүн цикли өткөрүлүүдө.   17-март күнү бекитилген графикке ылайык Конституциялык сотко К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын студенттери келишти.   Коноктор үчүн соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Студенттер сот жыйындары өтүүчү залды, кеңешме бөлмөсүн, ошондой эле Конституциялык соттун китепканасын көрүп чыгышып, адистештирилген юридикалык адабияттардын фонду жана конституциялык укук боюнча материалдар менен таанышты.   Экскурсиянын жүрүшүндө аппараттын кызматкерлери студенттерге Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгү, анын сот бийлигинин тутумундагы орду жана ролу, ошондой эле конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун принциптери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти.   Программанын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич менен жолугушуу болду.   Ачык форматтагы диалогдун жүрүшүндө судья Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары, конституциялык көзөмөл органынын чечимдеринин өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда, ошондой эле укуктук системаны калыптандыруудагы күчү жана мааниси жөнүндө кошумча маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, өмүр баянынын жана кесиптик калыптанышынын айрым этаптары тууралуу айтып берди.      
16.03.2026
  Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өткөрүлгөн Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин (КРЭУ) студенттери анын  ишмердиги менен таанышты.   Студенттер  үчүн соттун имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Студенттер Конституциялык соттун инфраструктурасы жана иш бөлмөлөрү менен таанышып, сот жыйындары өтүүчү залды, ошондой эле каралып жаткан иштер боюнча акыркы чечимдер кабыл алынуучу судьялардын кеңешме бөлмөсүн көрүштү. Экскурсиянын жүрүшүндө аларга соттун аппаратынын иши, анын түзүмү жана Конституциялык соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттери тууралуу да маалымат берилди.   Экскурсиядан кийин студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Чаткалбековна Жолдошева менен жолугушту. Маектешүүнүн  жүрүшүндө ал Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик системасындагы ролу, конституциялык көзөмөлдүн мааниси, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо практикасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Конституциялык соттун чечимдери конституциялык көзөмөл чөйрөсүндө жогорку юридикалык күчкө ээ экендигин жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууга, мамлекеттин укуктук системасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.   Судья студенттер менен өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен ой бөлүшүп, конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди жана болочок юристтердин суроолоруна жооп берди.   Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, конституциялык укукка болгон кызыгуусун калыптандырууга жана Конституциянын, ошондой эле конституциялык сот адилеттигинин мамлекеттин жашоо-турмушундагы  ролун кыйла терең түшүнүүгө багытталган.      
13.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун жана конституциялык баалуулуктарды жайылтуунун алкагында Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин  2–4-курстарынын студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.   Иш-чара Конституциялык соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы менен башталды. Студенттер сот отурумдары өткөрүлүүчү залды көрүп, Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, ошондой эле анын Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана адам менен жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролу тууралуу маалымат алышты.   Андан соң студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жамил Шаршеналиев менен жолугушту. Ачык форматта өткөн жолугушууда ал конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, Конституциянын мамлекеттин негизги мыйзамы катары мааниси жөнүндө айтып берип, сот системасындагы кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.   Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Конституциялык сотко кайрылуунун тартиби, конституциялык иштерди кароонун принциптери жана юриспруденция тармагында кесиптик өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорун берип, кызыктуу жоопторду алышты.   Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан конституциялык баалуулуктарды жайылтуу жана академиялык коомчулук менен кызматташууну өнүктүрүү максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Алар жаштардын укуктук аң-сезимин калыптандырууга, Конституцияга болгон урмат-сыйды бекемдөөгө жана конституциялык адилеттиктин маанисин түшүнүүгө багытталган.  
06.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту   «Менин укуктарым жана жоопкерчилигим: Конституция жарандык аң-сезимимди жана жүрүм-турумумду кантип калыптандырат»   аттуу темада студенттер арасында сынак жарыялайт   Сынак Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өткөрүлөт жана теманы кеңири ачып берген эң мыкты эссе жана видеороликтерди аныктоого багытталган. Катышуучулар өз көз караштары, жеке окуялары менен бөлүшүп, конституциялык укуктарды коргоо жана ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштарын бере алышат.   Сынакка кимдер катыша алат?   Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери. Сынактык материалдарга коюлуучу талаптар:   • Материалдар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат. • Эссенин көлөмү – 3 беттен ашпашы керек. • Видеороликтин узактыгы – 3төн 5 мүнөткө чейин. • Бир катышуучу бир нече материал жибере алат. • Сынакка тапшырылган материалдар рецензияланбайт жана кайтарылбайт. • Сынакка катышуу үчүн материалды тапшыруусу анын жарыяланышынын мүмкүндүгүнө автордун макулдугун билдирет.   Катышуу үчүн берилген материалга өзүнүн авторлугун тастыктаган билдирмени толтуруу зарыл.   Баалоо критерийлери:   • Идеянын жаңылыгы жана оригиналдуулугу • Теманын ачып берүүнүн деңгээли • Баяндоонун тактыгы жана логикалуулугу. • Мазмундуулук жана аргументтүүлүк. • Материалды берүүнүн креативдүүлүгү.   Сынакка тапшырылган иштерди Конституциялык соттун судьяларынан жана аппараттын кызматкерлеринен турган атайын комиссия аныктайт.   Жеңүүчүлөрдү сыйлоо: Сынактын жыйынтыгы боюнча үч жеңүүчү аныкталат: I орун – Ысык-Көлдө өтүүчү Конституционализм жайкы мектебине катышуу. II орун – Бишкекте өтүүчү Конституционализм жайкы мектебине катышуу. III орун – Баалуу белектер. Сыйлык тапшыруу аземи 2026-жылдын 30-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында өтөт.   Аймактардан келген жеңүүчүлөр Бишкекке баруу менен байланышкан чыгы...
05.03.2026
5-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Ак калпак күнүнө арналган флешмоб өткөрүлдү, ал кыргыз элинин улуттук каада-салтын сактоого жана жайылтууга багытталган.   Конституциялык соттун судьялары жана аппараттын кызматкерлери  бул демилгени колдошуп,  кыргыз маданиятынын башкы символдорунун бири болгон ак калпакты кийип чыгышты. Ак калпак эзелтеден эле ар-намыстын, кадыр-барктын жана акылмандыктын белгиси болуп эсептелет. Анын ак түсү ниеттин тазалыгын жана бийик адамгерчиликти символдоштурса, оюусу  кыргыз элинин дүйнө таанымын, табият менен байланышын чагылдырат.   Майрамга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев өлкө жарандарын  – Ак калпак күнү менен куттуктады. “Ак калпак кыргыз элинин тарыхын, салт-санаасын жана руханий баалуулуктарын чагылдырган эң маанилүү улуттук символдордун бири болуп саналат. Өз тамырыбызга, улуттук символдорубузга жана маданий мурасыбызга болгон урмат-сыйды сактоо жана аяр мамиле кылуу — улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдөөгө жана бай салттарыбызды кийинки муундарга өткөрүп берүүдө чоң мааниге ээ”, – деп белгиледи Эмиль Жолдошевич Осконбаев.   Ак калпак күнү Кыргызстанда жыл сайын 5-мартта белгиленет. Бул майрам 2011-жылы кыргыз элинин башкы символдорунун бирин сактоо жана даңазалоо максатында негизделген. Ошондон бери ал улуттук маданиятка, тарыхка жана руханий баалуулуктарга болгон урмат-сыйды бекемдеген жакшы салтка айланды.      
05.03.2026

Урматтуу Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлери!

 

Сот бийлиги — укуктук мамлекеттин пайдубалы жана конституциялык тартиптин ишеничтүү кепилдиги. Сиздерге мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоо, коомдо адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту бекемдөө миссиясы жүктөлгөн.

 

Сиздердин ишиңиздер кынтыксыз кесипкөй компетенттүүлүктү, адеп-ахлактык жогорку жоопкерчиликти жана Конституцияга бекем берилгендикти талап кылат. Калыс жана принципиалдуу чечимдериңиздер аркылуу жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишеними чыңдалат, Мыйзамга болгон сый-урмат мамиле калыптанат жана өлкөнүн укуктук системасынын туруктуулугу  камсыздалат.

 

Учурдан пайдаланып, Сиздерди ак ниет эмгегиңиздер жана сот адилеттигине берилгендик менен өтөгөн кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин ар бир чечимиңиздер даанышмандыкка, ички ынанымга жана коом алдындагы жогорку жоопкерчиликти терең түшүнүүгө негизденүү менен кабыл алына берсин.

 

Сиздерге бекем ден соолук, кесиптик туруктуулук, бакубаттык жана өлкөбүздүн өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерди каалайм.

 

Урматтоо менен,

КыргызРеспубликасынын Конституциялык сотунун төрагасы          Эмиль  Осконбаев  
04.03.2026
Бишкек ш., 2026-жылдын 4-марты   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда расмий жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө судьялар корпусуна Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу жаңы туруктуу өкүлү — Осмонов Айдарбек Касымалиевич тааныштырылды.   Жаңы өкүлдү Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов тааныштырды.   Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев куттуктоо сөзүндө Парламент менен конституциялык контролдоо органынын ортосундагы конструктивдүү диалог өлкөнүн укуктук туруктуулугунун маанилүү кепилдиги экенин белгиледи.   «Жогорку Кеңеш — мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы катары мамлекеттин укуктук системасынын пайдубалын түптөйт. Ал эми Конституциялык соттун милдети — Баш мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу. Биздин натыйжалуу өз ара аракеттенүүбүз улуттук мыйзамдардын сапатын жогорулатууга жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө түздөн-түз өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Эмиль Осконбаев.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен иштин негизги багыттарын: Конституциялык соттун чечимдеринин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, Конституциянын үстөмдүгү принциптерин илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле адилеттүүлүктү жана укуктук системанын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында институционалдык кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.   Өз кезегинде Айдарбек Осмонов ачык жана жигердүү кызматташууга даяр экенин билдирип, анын ишмердүүлүгү конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Парламенттин ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга багытталарын белгиледи.   Жолугушуу иштиктүү жана конструктивдүү атмосферада өтүп, бийлик институттарынын Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамдуулукту системалуу түрдө бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.    
04.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жаштарды  укуктук  агартуу программасынын  алкагында студенттер менен кезектеги жолугушуу өттү. Бул иш-чара өлкөнүн конституциялык контролдоонун жогорку органы тарабынан уюштурулуп жаткан Ачык эшиктер күндөрүнүн быйылкы жылдагы экинчи жолугушуусу болду.   Бул жолу соттун ишмердиги менен таанышуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 1 жана 2-курсунун студенттери келишти.   Иш-чара Конституциялык соттун тарыхый имараты боюнча  экскурсиядан башталды. Студенттер Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынуучу имараттын архитектурасы жана өзгөчө атмосферасы менен таанышышты.   Соттун аппаратынын кызматкерлери болочок юристтерге Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле судьялардын ишин уюштуруучулук жана аналитикалык жактан камсыз кылуудагы Аппараттын ролу, эксперттик бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.   Соттук жыйындар залы студенттер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратты. Аларга конституциялык угууларды өткөрүүнүн тартиби жана иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.   Программанын негизги бөлүгүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Рыскулбековна Бобукеева менен жолугушушту. Өз сөзүндө ал студенттерге Конституциялык соттун миссиясы, Конституциянын үстөмдүгүнүн мааниси жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоонун механизмдери тууралуу айтып берди.   Жолугушуу ачык диалог форматында уланды. Студенттер Конституциялык сотко кайрылууларды кароонун тартиби, судьяга коюлган кесиптик жана этикалык талаптар, ошондой эле конституциялык сот адилеттиги тармагындагы иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорду активдүү беришти.   М.Р. Бобукеева белгилегендей, сот системасы сот имараттарына же мантияларга эмес, анда иштеген адамдардын ички күчүнө – ак ниеттүүлүгүнө, интеллектуалдык тартибине жана чечимд...
26.02.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү.   Студенттер конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү жана анын мамлекеттик бийлик системасындагы орду менен таанышышты. Аларга аппараттын иши — кайрылууларды каттоо жана алдын ала кароодон тартып, иштерди соттук отурумдарга даярдоого чейинки процесстер тууралуу маалымат берилди. Кайрылуулардын жол берилүүчү критерийлерине жана иштерди кароонун практикалык өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.   Программанын алкагында Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Дүйшеев Карыбек Арстанбекович менен жолугушуу болду. Диалогдун жүрүшүндө юристтердин кесиптик даярдыгы, сот системасында иштөөгө коюлуучу талаптар жана судья менен юристтин Конституция алдындагы жоопкерчилиги талкууланды.   Мындай жолугушуулар болочок юристтерге конституциялык сот адилеттигинин маанисин терең түшүнүүгө, теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.    

19.02.2026
Бишкек шаары, 2026-жылдын 19-февралы   Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «CИВИКС» коомдук фондунун техникалык колдоосунда  күн сайын укукка байланыштуу иш алып барган жана укук колдонуу практикасын калыптандырган адистер үчүн кесиптик талкуу аянтчасы –  Конституционализм мектебин өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы «Амбассадор» мейманканасынын конференц-залында өттү.   Мектеп формалдуу лекциялар цикли катары эмес, конкреттүү укуктук кырдаалдарда Конституция кантип иштей тургандыгы тууралуу ачык диалог форматында уюштурулду.   Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев укуктук системанын туруктуулугу конституциялык ченемдерди бир түрдүү түшүнүүдөн башталарын белгиледи.   Биринчи сессия мамлекеттик бийлик системасында Конституциялык соттун ролуна арналды. Катышуучулар конституциялык контролдоо органынын статусунун өзгөчөлүктөрүн, анын ыйгарым укуктарынын чектерин жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууда институционалдык көз карандысыздыктын маанисин талкуулашты.   Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова конституциялык сот өндүрүшүнүн механизмине кеңири токтолду. Кайрылууларда жол берилген критерийлер жана процессуалдык фильтрлер, иштерди кароодо жарандык, административдик жана кылмыш-жаза сот өндүрүштөрүнө салыштырмалуу өзгөчөлүктөрү практикалык кызыгуу жаратты.   Күндүн экинчи бөлүгүндө Конституциялык соттун судьясы Меергуль Бобукеева ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо укуктук принциптердин жана доктриналардын колдонулушунун талдоосун сунуштады.   Мектептин практикалык бөлүгү чакан топтордо иштөө форматында өттү. Катышуучулар укуктук кырдаалдарды моделдештирип, укуктук позицияларды иштеп чыгышты жана конституциялык-укуктук баалоонун алгоритмин түзүштү. Мындай формат теориядан колдонмо талдоого өтүүгө жана кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түздү.   Жыйынтыктоочу сессия Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчүнө жана аларды аткаруу маселелер...
17.02.2026
2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын  Конституциянын тиешелүү жоболору жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен системалуу өз ара байланышта 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.   Конституция – бул баарыдан мурда коомдук бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн уюштуруучулук ченемдик негизи. Өзүнүн табияты боюнча Конституция туруктуу болууга багытталган, анткени ал  укуктук тартиптин биримдигин  жана алдын ала болжолдонушун камсыз кылат. Ошол эле учурда ал коомдук турмуштун объективдүү өзгөрүүлөрүнө жооп кайтарууга жана жаңы чакырыктарга жооп катары бийликти уюштуруу механизмдеринин түпкү башатын бузбастан, оңдоого жөндөмдүү жандуу документ катары өзүнүн сапатын жоготпойт.   Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин жападан-жалгыз булагы катары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүктү берип,  коомдук бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган.   Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден башкасына өтүү объективдүү жол берилген көрүнүш болуп саналат. Ошону менен бирге конституциялык трансформацияга жол берилишинин фактысынын өзү анын юридикалык тактыгына карата талапты жокко чыгарбайт. Башкысы болуп Негизги мыйзамдын текстин өзгөртүү эмес, бир ченемдик конструкциядан экинчисине өтүү ыкмасы жана логикасы негизги болуп саналат. Укуктук режимдин анык эместиги менен коштолгон конституциялык ажырым коомдук бийликтин легитимдүүлүгүн солгундатып жана анын туруктуулугуна шек келтирип, карама-каршылыкты жаратып, укуктук аныктык принцибин бузушу мүмкүн. Тиешелүү түр...
17.02.2026
17-февралда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.   Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт.   Кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланууга тийиш.