Меню навигации+

Жаңылыктар

05.05.2021

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

5-май Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн башкы документи – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынуусун жар салган маанилүү күн.Ушул күнү легендарлуу парламент тарабынан мамлекеттин Баш Мыйзамынын жактырылуусу көз карандысыз жаш Кыргызстандын бутуна бекем туруусуна жол берди. Бул документ эгемендүү мамлекеттүүлүктү калыптандыруунун жаңы этабынын башталышын белгиледи. (more…)

04.05.2021

«Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасындагы окуянын натыйжасында каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.

 

Баардык жарадар болгондор тезирээк сакайып кетишин тилейбиз.Биз каза тапкандардын туугандарынын жана жакындарынын азап-кайгысын тең бөлүшүп, аларга орду толгус жоготууга туруштук берүү үчүн чыдамкайлык менен туруктуулук  каалайбыз.

 

Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери Баткен областында жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү  үчүн өзүлөрүнүн бир күндүк эмгек маянасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын эсебине которушту».

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Төрагасы К.А. Дуйшеев

 

22.04.2021

Бүгүн, 22-апрелде, Конституциялык палатанын судьяларынын ЕБнын «КРде укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын өзөктүү эксперти Александру Тэнасе менен жолугушуусу болуп өттү. (more…)

19.04.2021

Бүгүн Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү – 2-фаза» долбоору тарабынан Андраш Шайо жана Рената Уитцтин «Эркиндик конституциясы» аттуу китеби тапшырылды. Китеп конституционализм табиятынын илимий-доктриналык изилдөөсүн чагылдырып, окурмандарга эмне үчүн конституционализм экендигин – идея жана практика катары конституционализм гана автократияга каршы коомдун жана инсандын башкы коргоочусу болуп  саналаарын көрсөтүү максатын койгонАвторлор юридикалык констиуционализмдин пайда болушун жана андан кийинки эволюциясын изилдеп, мамлекет жарандардын эркиндигине шек келтирбестен, алардын коопсуздукка болгон коомдук суроо-талабын кантип канааттандыруусу керек экендигине талдоо жүргүзөт. (more…)

31.03.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 10-мартында Жазык кодексинин 170-беренесинин «Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сөздөр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)

23.03.2021

2021-жылдын 3-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)

17.03.2021

2021-жылдын 17-мартында Конституциялык палата К.Т. Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Административдик-процесстик кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун (андан ары- АПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)

12.03.2021

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

 

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнүнө арналып, мамлекеттин Баш мыйзамынын ролун жана маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт. (more…)

04.03.2021

Конституциялык палата КР Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн «тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт» деп берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иштин токтотулушу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимине даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган тергөө судьясынын токтомунун колдонулушуна карата бөлүктө Конституцияга карама-каршы келет деп кабыл алынды. (more…)

26.02.2021

Бишкек шаарында 26-февраль күнү Конституциялык палатаны реформалоонун жана анын стратегиялык өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун (андан ары - Концепция) талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Иш-чараны Конституциялык палата «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза» ЕБ программасынын колдоосу менен уюштурду. (more…)

25.02.2021

2021-жылдын 19-февралында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен банктын капиталына чектүү катышууга ниеттенген кандай гана жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттенмени белгилеген 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, ошондой эле ушул эле Мыйзамдын, эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз сатып алынган учурда, Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуулугун белгилеген 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)

11.02.2021

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Конституциялык палатанын жамаатына кайра дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы өкүлү Медер Жусуповду тааныштырды. (more…)

03.02.2021

Бүгүн, «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери үчүн «Дин тутуу же ишеним эркиндигинин конституциялык принциптери» деген темада онлайн тренинг өткөрдү. (more…)

28.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 27-январында Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карап чыгып, көрсөтүлгөн Тизмектин талашылып жаткан ченемин Конституциянын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

21.01.2021
20.01.2021

Конституциялык палата 2021-жылдын 20-январында Жазык-процесстик кодексинин «алардын макулдугу менен  чакыртылышы мүмкүн» деген сѳздѳр менен баяндалган 515-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)