Меню навигации+

Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери ант беришти

06.09.2022

2022-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматка биринчи жолу кирген кызматкерлер салтанаттуу түрдө ант беришти.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев аларга кызматтык күбөлүктөрдү жана ведомстволук төш белгилерди тапшырды. Ант берүү юридикалык жана моралдык жоопкерчиликти жүктөгөн, тарыхый мааниге ээ болгон салтанаттуу иш-чара экендигин белгилеп кетти.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун өнүктүрүүгө катышкандыгы жана жетишкен ийгиликтери үчүн өнөктөштөргө сыйлыктар тапшырылды, ошондой эле Аппараттын кызматкерлерине “Заманбап эл аралык мамилелердеги трансулуттук конституциялык ишмердүүлүк” онлайн-конференциясына катышуунун жыйынтыктары боюнча сертификаттар берилди.