Меню навигации+

Жаңылыктар

20.09.2019

Учурдагы жылдын 19-20-сентябрында Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев жана Ж.И. Саалаев Евразиялык экономикалык соту тарабынан уюштурулган «Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге беш жыл: Соттун ролу» аттуу эл аралык конференцияга катышып келишти. (more…)

19.09.2019

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнүн белгилөө урматына «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн социалдык-экономикалык, инетеллектуалдык, маданий дараметин өнүктүрүүгө салымын кошкон, ошондой эле кесипкөй ишмердиктеги албан жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды салатанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. (more…)

12.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 11-сентябрында М.М. Жорокулов, К.Л. Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК, Б.Т. Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Бузуулар жѳнүндѳ кодекстин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди соттук коргонуу жана ишти жогору турган сотто каратуу укуктарын чектѳѳгѳ тыюу салууну караштырган Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. Мында, Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдин бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдигин, Жогорку соттун иштерди кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын жана анын актыларынын акыркы болуп эсептелээрин регламенттеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 96-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн тапкан жок. (more…)

04.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 4-сентябрында И.Д. Кадырбековдун өтүнүчүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган. (more…)

01.07.2019

Бүгүн, учурдагы жылдын  1-июлунда Конституциялык палатанын төрагасынын буйругу менен конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүдө, Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту бекемдөөдө мерчемдүү салымы жана кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы үчүн Конституциялык палатанын судьясы – экс-төрага Э.Т. Мамыров I даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен сыйланды. (more…)

01.07.2019

Конституциялык палатанын жетекчилигинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 30-июнунда аяктагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын жыйыны тарабынан төмөнкүдөй жаңы жетекчилик курам шайланды: (more…)

27.06.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 26-июнунда Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жатакан ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

21.06.2019

Бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Д. Эсеналиев Конституциялык палатанын жамаатын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы  жылдын 20-июнунда шайланган Конституциялык палатанын судьясы К. Дуйшеев менен тааныштырды. (more…)

20.06.2019

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага В.К. Керимовдун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)

19.06.2019

Бүгүн Европа Кеңешинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» долбоору тарабынан Конституциялык палатанын китпекана фондуна илимий жана юридикалык адабияттар өткөрүлүп берилди. (more…)

17.06.2019

Конституциялык палата учурдагы жылдын 13-15-июнунда ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын, Адвокатура, ӨЭУ жана ММК өкүлдөрү үчүн Конституционализмдин жайкы мектебин (КЖМ) өткөрдү. (more…)

12.06.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 12-июнунда Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун процесстик макулдашуну түзүүдө жабыр тарткандардын жана эрезеге жете электердин укуктарынын бузулушу бѳлүгүндѳ текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык палата өзүнүн чечиминде мамлекет жазык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө ылайык жазык жоопкерчилигинин чектерин да белгилөөгө, сот адилеттигинин максаттарына жетишүүгө ар жолдорду караштырган процедуралдарды, анын ичинде жазык жоопкерчигининин чарасын жеңилдетүүгө жана жазык куугунутугунун процедурасын жөнөкөйлөтүүгө негиздерди мыйзамдарда аныктоого ыйгарым укуктуу болот деп белгилеген.
Мыйзам чыгаруучу күнөөсүн таануу жөнүндө, кызматташуу жөнүндө жана жарашуу жөнүндө макулдашууну өзүнө камтыган процесстик макулдашуунун укуктук институтун Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар алкагында караштырган.
Бирок күнөөсүн таануу жөнүндө макулдашуу сыяктуу мындай укуктук каражат колдонулган учурда бир жагынан шектүү менен айыпкердин, экинчи жагынан, жабыр тарткандандын процесстик укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле башка жалпыга маанилүү конституциялык орнотмолорду аткарууга милдет мамлекеттен алынбай кала берет.
Мамлекет процесстик макулдашуулар институтун киргизүү аркылуу жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн орнотуу менен жабыр тарткандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун кепилдикке алуунун, ошондой эле сот адилеттигинин максаттарына жетишүүнүн, күнөлүү эместик презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптеринин сакталуусунун зарылчыгы менен байланыштуу.
Жазык-процесстик мыйзамдарда процесстик макулдашуулар институту макулдашууга жетишкен учурда алардын диспозитивдүүлүк принцибине негизделе...

11.06.2019

Бүгүн чоң оңдоо-түзѳѳ иштери ѳткѳрүлгѳндѳн кийин Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышы болуп ѳттү. Ачылыш аземинде КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д. Эсеналиев, КР Жогорку сотунун тѳрайымы Г. Калиева, КР Юстиция министри М. Джаманкулов, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Йекта Камиль Ноян, Түркия Республикасынын  Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташтык жана өнүгүү боюнча Түрк башкармалыгынын (TIKA) Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Конституциялык палатанын судьялары жана башкалар катышышты. (more…)

01.06.2019

Учурдагы жылдын 1-июнунда Ыссык-Көл областынын Бостери айылында «Конституциялык палатанын чечимдери укук булагы катары» темасында семинар болуп өттү. (more…)

31.05.2019

Учурдагы жылдын 30-31-майында Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары К.М. Киргизбаев жана Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонова Беларус Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Минск шаарында уюштурулган «Азыркы конституциялык өнүгүү: укукту конституционалдаштырууда конституциялык контролдоонун ролу» эл аралык конференциясына катышып келишти. (more…)

15.05.2019

Конституциялык палатанын судьялары Ч.А. Айдарбекова жана Э.Ж. Осконбаев Россия Федерациясынын Конституциялык сот тарабынан уюштурулган «Конституциялык шайкештик жана универсалдык баалуулуктар: өлчөмдөштүк чеберчилиги» эл аралык конференциясына катышууда. Иш-чарага 120 ашуун конституциялык соттордун жана ага шайкеш органдардын судьялары, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдардын өкүлдөрү катышууда. (more…)

06.05.2019

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.К. Омуркановдун Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 80-беренисинин 3-бѳлүгүнүн, Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Конституциянын 6-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)