Меню навигации+

Жаңылыктар

19.06.2020

 

Ж.А. Шаршеналиевдин судья болуп шайланганына жана кворумдун болгондугуна байланыштуу Конституциялык палата иштерди кароого киришип, 2020-жылдын 18-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

08.06.2020

Бүгүн, 8-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү К.С. Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 4-июнунда 7 жылдык мөөнөткө Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган Ж.А. Шаршеналиевди Конституциялык палатанын жамаатына тааныштырып кетти. (more…)

24.04.2020

Учурдагы жылдын 24-апрелинде Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Казахстан Республикасында президенттин институтунун негизделгенинин 30-жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты. (more…)

23.03.2020

 

Конституциялык палатанын судьялары Кыргыз Республикасынын аймагында таажывирустун жайылышына тынчсыздануусу терең жана ушул вируска каршы күрөшүп жаткан жана биринчи катарда турган адамдарды терең урматтайт. Ушуга байланыштуу, ушул илдетке каршы күрөштү колдоо максатында Таажывируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бетэсебине өзүлөрүнүн бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышты.

 

19.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 18-мартында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын салуу жөнүндө чечимдери даттанууну жокко чыгарат, ал арыздануучунун пикири боюнча кодуланбоонун конституциялык принцибинин, ошондой эле ар кимдин соттук коргонууга укугунун бузулушуна алып келет дейт. (more…)

17.03.2020

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт. (more…)

12.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 11-мартында Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан токтомду Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты. (more…)

06.03.2020

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев ушул күндөрү (учурдагы жылдын 5-6-марты) Самаркандда өткөрүлүп жаткан судьялардын Экинчи Борбордук-Азиялык диалогунун ишине катышууда. (more…)

02.03.2020

Бүгүн, 2-мартта, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Дыйканбаев Конституциялык палатанын жамаатын кайрадан судья болуп шайланган М.Р. Бобукеева жана М.Ш. Кысымалиев, ошондой эле судья Л.П. Жумабаев менен тааныштырып, аларга ийгилик каалап кетти. (more…)

06.02.2020

 

 

Бүгүн, 2020-жылдын 6-февралында, Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеев «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгү – 2-фаза» Программасынын жетекчиси менен жолугушту. (more…)

20.12.2019

Бүгүн, 20-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Л.Жумабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 18-декабрында Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган К.Кыдырбаевди соттун жамааты менен тааныштырды. (more…)