Меню навигации+

Биздин судьялар тажрыйба алмашуу максатында эл аралык конференцияга катышты

10.01.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Индонезиянын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган эл аралык онлайн-конференцияга катышты.

Иш-чара 16 өлкөдөн 162 катышуучунун көңүлүн өзүнө бурду.
Конференциянын башталышында катышуучуларга Индонезиянын гимни менен коштолгон видеотасма көрсөтүлүп, ал иш-чаранын жүрүшүнө салтанаттуу маанай түздү. Андан кийин Индонезиянын Конституциялык сотунун тарыхын жана ишмердүүлүгүн анын маанилүүлүгү жана өлкөнүн конституциялык турмушуна кошкон салымы контекстинде чагылдырган баяндама-видеоролик көрсөтүлдү.

Катышуучулар талкууларга активдүү катышып, конституциялык сот адилеттигинин актуалдуу маселелери боюнча өз көз караштарын билдиришти жана бул жаатта эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын катышуусу ар кандай мамлекеттердин Конституциялык сотторунун ортосундагы кесипкөй байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Бул конференция конституциялык сот адилеттиги жаатында мамлекеттер ортосунда диалогдун жана тажрыйба алмашуунун зарылчылыгын баса белгиледи жана укуктук туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле конституциялык принциптерди коргоо үчүн эл аралык деңгээлде кызматташууга чакырды.