Меню навигации+

Жаңы жылдык куттуктоо

28.12.2023

Урматтуу кесиптештер жана достор!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан келе жаткан 2024-жылыңыз менен куттуктайм!

 

Жаңы жыл – бул артка кылчайып өткөн жылга сереп салып, келе жаткан жаңы жылга утурлай алдыбызга жаңы максаттарды койгон аруу-тилектердин жана жаркын күтүүлөрдүн майрамы.

 

Келе жаткан жыл кандай болору өзүбүздөн да көз каранды. Андыктан өзүбүзгө болгон ишеним бек болуп, ушул жыл – чечкиндүү чечимдерди ишке ашыруунун, жаңы горизонтторду ачуунун жана жаңы бийиктиктерге жетишүүнүн жылы болсун.

 

Жаңы 2024-жыл жаркын кесиптик ийгиликтердин, жаратман жигердүү иштердин, бейпил тынчтыктын жана бакубаттыктын жылы болуп, өлкөбүз адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун негизинде гүлдөп-өсө берсин.

 

Майрам алды менен Сизге жана сиздин жакындарыңызга ден соолук, өз ара сый-урмат жана жаркын маанай каалайм.

 

Эң жакшы тилектер жана терең урматтоо менен, Эмиль Осконбаев.