Меню навигации+

“Энесинин аты (матчество) боюнча чатак басылбайт. Конституциялык сотто УКМКнын башчысына жооп берди” деген аталыштагы 24.KG басылмасы өзүнүн сайтында жарыялаган жаңылык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун пресс-релизи

13.07.2023

2023-жылдын 12-июлунда саат 17:49да 24.KG басылмасы “Энесинин аты (матчество) боюнча чатак басылбайт. Конституциялык сотто УКМКнын башчысына жооп берди” деген аталыштагы жаңылыкты таратты, анда басылма “Facebook” жана “Instagram” социалдык түйүндөрүнүн колдонуучусу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун пресс-катчысы болгон Жылдыз Жороеванын жеке баракчасынан анын билдирүүсүн жарыялаган.

Ушуга байланыштуу Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Конституциялык сот тогуз судьядан: төрагадан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан тураарын эскертет. Ошентип, Конституциялык сот коллегиалдуу орган болуп саналат, анын позициясын соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча судьялардын бири гана билдире алат.

Алтын Абдыкадыровна Капалованын кызыкчылыгын көздөгөн Тилек кызы Эльвира жана Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечими тууралуу Конституциялык соттун позициясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жарыяланган расмий пресс-релизде так көрсөтүлгөн: https://constsot.kg/kg/press/russkij-press-reliz-po-delu-o-proverke-konstituczionnosti-normativnyh-polozhenij-vyrazhennyh-slovami-otchestvo-prisvaivaetsya-po-imeni-otcza-peremena-otchestva-osushhestvlyaetsya/.

Ошентип, “Facebook” жана “Instagram” социалдык түйүндөрүнүн колдонуучусу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун пресс-катчысы болгон Жылдыз Жороеванын жеке билдирүүсү Конституциялык сот менен макулдашылган эмес, андыктан ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий позициясы катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 24.KG басылмасын, ошондой эле башка интернет басылмаларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын Конституциялык соттун позициясы жана аракеттери жөнүндө маалыматтарды берүүдө, анын ичинде жаңылыктардын аталыштарын көрсөтүүдө тактыкты камсыздоого жана ыкластуу болууга чакырат.

Тилекке каршы, чындыкка дал келбеген «чуулгандуу аталыш» менен жарыяланган маалымат (бул жерде сөз жаңылыктын аталышынын “Конституциялык сотто УКМКнын башчысына жооп берди” деген сөздөр менен баяндалган экинчи сүйлөмү тууралуу жүрүп жатат), окурмандардын туура эмес түшүнүүсүнө, бийлик бутактарынын, мамлекеттик институттардын жана кызмат адамдарынын ортосунда позициялардын жасалма карама-каршы коюлушуна алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле Кыргызстандын Конституциялык сотунун бардык расмий маалыматтары www.constsot.kg расмий сайтында, социалдык тармактардагы (Facebook, Instagram, YouTube) расмий баракчаларында гана жайгаштырыларын эскертебиз, аларды @constsotkg ник аты менен тапса болот.