Меню навигации+

Минскте Евразия экономикалык бирлигинин сотунун VI эл аралык конференциясы болуп өттү

20.11.2023

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары М.Касымалиев жана К. Кыдырбаев Минск шаарында 16-17-ноябрда өткөн Евразия экономикалык бирлигинин сотунун “Бирликтин сотунун практикасынын ЕАЭБдин укуктук тартибин түзүүгө тийгизген таасири” аттуу VI эл аралык конференциясына катышты.

Конференциянын ачылышында ЕАЭБдин сотунун төрагасы Э.В. Айриян, Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын Башчысынын орун басары О. И. Чуприс, КМШнын Экономикалык Сотунун төрагасы А. В. Плотников, ошондой эле жогорку сот органдарынын судьялары куттуктоо кайрылуулары менен чыгып сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан куттуктоо сөзү менен судья Кырккелди Кыдырбаев чыгып сүйлөдү. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө К. Кыдырбаев ЕАЭБ сотунун өзгөчө ролун белгиледи, – “Ал түзүлгөндөн бери Бирликтин  туруктуу иштеген юридикалык органы болуп саналат жана интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө, жалпысынан бул уюмдун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада анын аброюн жогорулатууга өзүнүн татыктуу салымын кошуп келет”.

Конференциянын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин укук жана аны колдонуунун актуалдуу маселелери, ЕАЭБ сотунун тажрыйбасы жана анын региондук укукту өркүндөтүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде укуктук колдонууга тийгизген таасири, ЕАЭБ соту тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, ошондой эле эл аралык сот адилеттигинин маселелери каралды.

Конференциянын жүрүшүндө ЕАЭБ сотунун төрагасы Эрна Айриян Евразия экономикалык комиссиясына жана ЕАЭБ сотуна, бул эл аралык бирликтин  ичиндеги бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү алып салууга тиешелүү кошумча ыйгарым укуктар берилерин билдирди. “Бул азырынча долбоор, ал Евразия өкмөттөр аралык кеңештин 26-октябрда өткөн жыйналышында талкуудан өткөн. Документти мамлекет башчыларына 2023-жылдын декабрында берүү пландаштырылууда”, –  деп белгиледи Соттун төрагасы.