Меню навигации+

Конституциялык соттун судьялары “Аялдар-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын” IX ар жылдык конференциясына катышты

04.12.2023

 

2023-жылдын 1-декабрында “Аялдар-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” КУнун «Адамга багытталган мамилени илгерилетүү боюнча сот адилеттиги институттарынын секторлор аралык өз ара аракеттенүүсү» аттуу ар жылдык 9-конференциясы ишин баштады.

Конференциянын ишине  төмөнкү чакырылган коноктор да катышты:

– Осконбаев Эмил Жолдошевич – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;

– Жунушпаев Кыдык Карыбаевич – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

– Конгантиева Зарема Камбаралиевна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

– Баетов Аяз Батыркулович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

– Дарданов Нурлан Камалбекович – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Конституциялык соттун төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө “конференциянын темасы жарандардын укуктарын коргоо жана сактоо маселелерин калыс чечүү үчүн сот адилеттиги институттарын биригүүгө жана өз ара аракеттенүүгө үндөйт” – деп белгиледи.

Конференциянын ишинин жүрүшүндө катышуучулар коомчулуктун ишенимин жогорулатуунун ыкмасы катары сот адилеттиги институттарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо,  өз ишинде гендердик-багытталган мамилени колдонууда сот адилеттиги институттарынын өз ара аракеттенүү маселелерин, кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатуу методдорун, гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды  жана башка бир катар маселеледи карашты жана  талкуулашты.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын судьялары, Жогорку Кеңештин, Башкы прокуратуранын, Адвокатуранын, Акыйкатчы институтунун, башка мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Конференцияга Өзбекстандын, Казакстандын жана ЕАЭБдин судьялары активдүү катышты. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын, Нигериянын жана Кытайдын судьялары да онлайн режиминде кошулуп, иш-чараны көп улуттуу тажрыйба жана түрдүү көз караштар менен толуктады.

 

Иш-чара ЕККУнун Программалык кеңсесинин, ПРООНдун «Жарык шооласы» демилгесинин, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жана БУУнун БКБнын колдоосунда «Аялдар-судьяларынын кыргыз ассоциациясы» КУ тарабынан өткөрүлдү.