Меню навигации+

Жаңылыктар

10.05.2022

Бүгүн 2022-жылдын 10-майында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Конституциялык сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү” деген темада эл аралык тегерек стол өтүүдө. Иш-чараны Венеция комиссиясы Тажикстан Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте уюштурган.

(more…)

10.05.2022

Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев 9-майда Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Митинг-реквиемге ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

(more…)

05.05.2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө Конституциялык сотко келди.

 

Имарат менен таанышуу учурунда Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев Мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берди.

(more…)

05.05.2022

Бүгүн, 5-майда, Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган студенттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан USAID «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулган.

 

Бул сынак жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин негизги мыйзамы катары маанисин бекитүү максатында өткөрүлдү.

(more…)

30.04.2022
29.04.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана жогорку окуу жайдын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: өнүгүүсү, көйгөйлөрү жана келечеги» темасында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

(more…)

27.04.2022

2022-жылдын 27-апрелинде Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Негизги укуктарды жана эркиндиктерди коргоо жаатында Конституцияны чечмелөө» темасында эл аралык конференция ишин аяктады.

(more…)

25.04.2022

Бүгүн Түркиянын борбору Анкарада Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы Конституцияны чечмелөө» аттуу эл аралык конференция өз ишин баштады.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев катышууда.

(more…)

20.04.2022

Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык сот жаран Ж. Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин 2021-жылдын 13-августундагы Чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешиндеги судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот өз чечиминде бул Жобо ченемдик укуктук актынын бардык белгилерине ээ экенин жана конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында текшерилүүгө тийиш экендигин белгилеген.

(more…)

15.04.2022

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана мааниси жана анын конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролу"темасындагы улуттук конференция болуп өттү.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Европа Бирлигини "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза" долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

 

(more…)

04.04.2022

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ролу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

 

Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун судьялары, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» коомдук уюмунун башкаруучу органынын төрагасы жана мүчөлөрү, «Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза» программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе катышты.

(more…)

01.04.2022

Ушул жылдын 30-мартында Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан жогорку курстун студенттери үчүн уюштурулган «Карьера күнү» иш-чарасына катышты.

 

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарага 20дан ашык мамлекеттик органдардын жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

(more…)

31.03.2022

Бүгүн, 31-мартта Азиялык конституциялык соттордун жана эквиваленттүү институттардын ассоциациясынын (AКCА) Башкы катчыларынын видеоконференц байланыш аркылуу жолугушуусу болуп өттү.

 

Жыйынга Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов жана эл аралык мамилелер жана мыйзамдарды салыштырма анализи секторунун башчысы Каныбек Масалбеков катышты.

(more…)

29.03.2022

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана судьялары Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышышты.

 

Судьялар сурамжылоонун формасы боюнча каттоочунун суроолоруна жооп беришти. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен соттор жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу бардык маалыматты жеринде жазып алды.

(more…)

28.03.2022
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппараты Конституциялык сотунун Аппаратынын улук жана башкы кызмат ордуларына карата кадрлар резервине турууга ачык сынак жарыялады. Каалоочулар сынакка катышуунун шарттары менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышса болот https://constsot.kg/kg/vakansiyalar/ Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 28-мартынан баштап 8-апрелди кошкондо кабыл алынат
25.03.2022
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин Баш мыйзамы катары маанисин бекемдөө максатында USAID “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен «Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.   Сынак Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата арналып, адилеттүү коомду курууда Конституциянын маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт. (more…)
24.03.2022

2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Осконбаев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын мүчөсү, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин баяндамачысы Жак Мэр менен жолугушту.

 

Жолугушууга Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов, ЕКПАнин катчылары Павел Шевченко жана Ариан Лецерф да катышты.

(more…)

21.03.2022
Урматтуу кыргызстандыктар!   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди жаз майрамы жана салттуу жаңы жылдын башталышын айгинелеген Нооруз майрамы менен куттуктайм!   Бүгүнкү күндө Нооруз майрамы кылымдарды карыткан ата-бабалардын салты гана эмес, ал бүтүндөй Кыргызстан элинин кут алып келүүчү биримдигинин белгиси. Ал эми биримдик – Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн омоктуу негиз.   Ушул улуу майрам күнү Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, туруктуулук жана кыргыз жергебиздин гүлдөп өсүшүн каалайм.     Урматтоо менен,  Эмиль Осконбаев  
18.03.2022
2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев эл аралык эксперт, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлү Шон Робертсти кабыл алды.   Жолугушуунун жүрүшүндө Шон Робертс Конституциялык соттун төрагасы Э.Осконбаевден интервью алды. (more…)
10.03.2022

10-март күнү, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаевдин Кыргыз Республикасындагы Корей Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ жана Эл аралык кызматташуу боюнча корей агенттиги (KOICA) өкүлчүлүгүнүн региондук башчысы Ли Джонгсу менен жолугушуусу болуп өттү.

(more…)