Меню навигации+

Конституциялык сот Конституция күнүнө карата  бир катар Ачык эшиктер күндөрүн өткөрөт

17.03.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жыл сайын 5-майда белгиленүүчү Конституция күнүнө карата жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн салттуу түрдө Ачык эшиктер күндөрүнүн цикли өткөрүлүүдө.

 

17-март күнү бекитилген графикке ылайык Конституциялык сотко К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын студенттери келишти.

 

Коноктор үчүн соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Студенттер сот жыйындары өтүүчү залды, кеңешме бөлмөсүн, ошондой эле Конституциялык соттун китепканасын көрүп чыгышып, адистештирилген юридикалык адабияттардын фонду жана конституциялык укук боюнча материалдар менен таанышты.

 

Экскурсиянын жүрүшүндө аппараттын кызматкерлери студенттерге Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгү, анын сот бийлигинин тутумундагы орду жана ролу, ошондой эле конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун принциптери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

 

Программанын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич менен жолугушуу болду.

 

Ачык форматтагы диалогдун жүрүшүндө судья Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары, конституциялык көзөмөл органынын чечимдеринин өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда, ошондой эле укуктук системаны калыптандыруудагы күчү жана мааниси жөнүндө кошумча маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, өмүр баянынын жана кесиптик калыптанышынын айрым этаптары тууралуу айтып берди.