Ала-Тоо университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда болушту
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата өткөрүлүп жаткан жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана укуктук агартууга багытталган иш-чаралардын алкагында Конституциялык сот Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүп, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн судьялардын катышуусунда жолугушууларды жана лекцияларды уюштурууда.
Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Ала-Тоо университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чара эки топ студенттердин катышуусунда өтүп, алардын ар бири үчүн өзүнчө соттун имараты боюнча экскурсия жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы менен жолугушуу уюштурулду.
Студенттер үчүн соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Алар сот жыйындары өтүүчү залды, ошондой эле каралып жаткан иштер боюнча жыйынтыктоочу чечимдер кабыл алынуучу судьялардын кеңешме бөлмөсүн көрүштү. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Конституциялык соттун китепканасы менен таанышып, соттун аппаратынын ишмердүүлүгү, анын түзүмү жана Конституциялык соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттери тууралуу маалымат алышты.
Экскурсиядан кийин студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Айдарбекова Чинара Аскарбековна менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө судья Конституциялык соттун компетенциясынын өзгөчөлүктөрүн, анын жалпы юрисдикциядагы соттордон айырмасын, ошондой эле Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана мамлекеттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодогу негизги ролун кеңири түшүндүрдү.
Судья Конституциялык соттун чечимдеринин укуктук табиятына жана маанисине өзгөчө көңүл буруп, алардын милдеттүү юридикалык күчкө ээ экендигин, биротоло мүнөздө болорун, адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталганын белгиледи. Конкреттүү мисалдарды келтирип, чечимдердин мазмуну жана алардын укуктук кесепеттери түшүндүрүлүп, ошондой эле алардын укуктук системага жана укук колдонуу практикасына тийгизген таасиринин механизми көрсөтүлдү.
Ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде кайрылууларга коюлуучу талаптар жана аларды кароо жол-жоболору тууралуу айтылды. Судья өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, Конституцияга болгон сый-урматты калыптандырууга жана конституциялык укукка кызыгуусун арттырууга багытталган.













