Меню навигации+

КР Конституциялык сотунун судьялары өлкөнүн жогорку окуу жайларында жерине баруу менен лекциялардын циклин өткөрүүнү улантууда

16.04.2026

 Конституциялык баалуулуктарды жайылтууга, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана Конституциянын үстөмдүгү принциптерине болгон урмат-сыйды бекемдөөгө багытталган агартуу демилгелерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн жогорку окуу жайларында жерине баруу менен лекциялардын циклин өткөрүүнү улантууда.

 

Студенттер менен кезектеги жолугушуулар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академиясында өттү. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дуйшеев жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жамил Асанбекович Шаршеналиев катышты.

 

Лекциялардын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздери, Конституциянын жогорку юридикалык күчкө ээ документ катары ролу, мамлекеттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууда конституциялык көзөмөлдүн мааниси, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо механизмдери түшүндүрүлдү.

 

Өзгөчө көңүл Конституциялык соттун практикалык ишмердүүлүгүнө, кайрылууларды кароо тартибине, кабыл алынган чечимдердин юридикалык табиятына жана алардын улуттук укуктук системаны өнүктүрүүдөгү маанисине бурулду. Ошондой эле сот өкүлдөрү азыркы конституциялык практикадан алынган мисалдарды келтиришти, бул аудиториянын чоң кызыгуусун жаратты.

 

Ачык диалог форматында студенттер актуалдуу укуктук процесстер, сот бийлигинин көз карандысыздыгы, азыркы мамлекеттеги судьянын ролу жана Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн келечеги боюнча суроолорду  берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Мындай жолугушуулар жаштардын Конституциянын баалуулугун терең түшүнүүсүнө, укуктук ой жүгүртүүсүнүн калыптанышына жана келечектеги юристтердин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык укуктарды коргоо маселелерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту мындан ары да өлкөнүн билим берүү мекемелери менен кызматташууну улантып, жаштардын укуктук агартуусун конституциялык мамлекеттүүлүктү чыңдоонун маанилүү багыты катары карайт.