2025-жылдын 9-10-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте юристтер үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө.
Иш-чаранын максаты — конституциялык көзөмөлдүн азыркы маселелерин терең изилдөө жана жаш адистердин конституциялык маселелер менен иштөөдө практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.
Программанын алкагында катышуучулар Конституциялык соттун судьялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилерин талкуулашат.
Конституционализм мектебинин программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
• мамлекеттик бийлик органдарынын системасында Конституциялык соттун орду жана ролу тууралуу презентациялар жана талкуулар;
• конституциялык сот өндүрүшүнүн этаптары жана конституциялуулук презумпциясы принциби боюнча түшүндүрмөлөр;
• пропорционалдуулук жана акылга сыярлык кармануу принциптерин колдонууга өзгөчө көңүл буруу менен ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоо боюнча практикалык кейстер;
• кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдар боюнча соттун укуктук позицияларын талкуулоо;
• Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун, түшүндүрмө берүүнүн тартиби жана токтомдорунун юридикалык күчү менен таанышуу.
Катышуучулар Конституциялык сотко кайрылуу үчүн негиз катары “аныксыздык” темасына жана мындай кайрылууларга коюлган талаптарга айрыкча көңүл бөлүшөт.
Уюштуруучулар өздөрүнүн алдына агартуу максатын гана койбостон, ошондой эле катышуучуларды активдүү кесипкөй диалогго тартуу , конституциялык сот адилеттигинин жана укуктук мамлекеттин принциптерин комплекстүү түшүнүүнү калыптандырууга көмөктөшүү милдетин коюшту.
Конституционализм мектеби аяктагандан кийин бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.
30.06.2025
2025-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Юристтер күнүнө арналган соттун жамаатынын салтанаттуу жыйыны болуп өттү.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев кызматкерлерди жана конокторду кесиптик майрамы менен куттуктап, конституциялык мыйзамдуулукту чыңдоодо жана укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө юристтердин эмгегинин маанилүү экендигин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана коомдо конституциялык баалуулуктарды жайылтууга көмөктөшкөндүгү үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
• Мырзалимов Р.М. — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү;
• Маралбаева А.Ш. — Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү;
• Атабекова Н.К. — Кыргызстан эл аралык университетинин илим жана инновациялар боюнча проректору;
• Сабырова К.Ж. — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык факультетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору;
• Мусабекова Ч.А. — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин доценти, окутуучу;
• Турдумамбетова Г.Б. — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттарды окутуу борборунун мурдагы директору;
• Гузель Камил кызы — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына караштуу «Нотариат мектеби» окуу борборунун директору;
• ошондой эле Мамыталы кызы Камила — Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкери.
Салтанаттуу а...
27.06.2025
2025-жылдын 27–29-июну, Чок-Тал айылы, Ысык-Көл облусу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн алдыңкы билим берүү уюмдары жана укуктук мекемелери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө арналган Конституциялык окууларды өткөрдү.
«Постсоветтик өлкөлөрдөгү социалдык укуктук мамлекеттин конституциялык концепциясы: теориянын жана практиканын көйгөйлөрү» атуу темадагы иш-чара – натыйжалуу чечимдерди издөө жана тажрыйба алмашуу максатында окумуштууларды, практик адистерди жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
• Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети
• Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
• «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы
• IPCHAIN Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
• Кыргызстандын социалдык иштер мектептеринин ассоциациясы
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
• Ж. Баласагын атындагы КМУнун Юридикалык институту
• Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академия
Конституциялык окуулардын ачылышы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин видеокайрылуусу менен коштолду.
Өз кайрылуусунда ал социалдык укуктук мамлекетти калыптандыруу – бул жөн гана конституциялык декларация эмес, бийликтин бардык институттарынын ар күнкү милдети жана социалдык мамлекеттин маңызы — адамга кызмат кылууда: социалдык ажырымды жоюуда, калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүдө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана адилет сотко жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда турат, – деп баса белгиледи.
Ал айрыкча юристтердин, окутуучулардын жана академиялык коомчулуктун ролуна токтолуп, алардын келечек муундун укуктук аң-сезимин жана Конституцияга болгон сый-урмат мамилесин калыптандырууда салымы зор экендигин белгиледи.
Окуулардын программасы пленардык жыйынды жана үч тематикалык сессияны камтып, аларда социалдык мамлекеттин өнүгүшүнүн негизги аспектилери талкууланд...
25.06.2025
2025-жылдын 24-25-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана укуктун үстөмдүгү институту менен кызматташтыкта жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун колдоосунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Конституционализм мектебин өткөрүүдө.
Бул агартуу иш-чарасы, биринчи кезекте, мамлекеттик бийлик органдары менен Конституциялык соттун ортосундагы кесиптик терең диалогдун аянтчасы болуп кызмат кылат. Иш-чаранын максаты – укуктук маданиятты чыңдоо, институционалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана конституциялык укукту иш жүзүндө колдонууну өркүндөтүү.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев катышуучуларга кайрылып, Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы мааниси жана Конституциянын үстөмдүгү принцибин ишке ашыруудагы анын ролу тууралуу айтып берди.
Конституционализм мектебинин программасы төмөнкү темаларды камтыды:
• конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана укуктук негиздери;
• ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясы, пропорционалдуулук жана акылга сыярлык чектөө принциптерин колдонуу;
• мамлекеттик органдардын конституциялык сот өндүрүшүнө катышуусу, юридикалык корутундуларды даярдоо жана укуктук негиздерди түзүү;
• Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү, аткарылышы жана түшүндүрмөсү.
Иш-чарада чыгып сүйлөгөн лекторлор:
* Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев,
* Конституциялык соттун судьясы Чинара Аскарбековна Айдарбекова,
* Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери — бөлүм башчы
Ж.К. Аширматова жана башкы консультант Ч.М. Шергазиев,
* Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкы башкармалыгынын башчысы К.К. Байдылдаев.
Сабактар теория менен практиканы айкалыштырга...
24.06.2025
2025-жылдын 24-июну
Формат: онлайн, өткөрүлгөн жери: Таиланд Каролдугу.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын (АКСА) Мүчөлөр кеңешинин онлайн-жыйынына катышты.
Жыйындын алкагында Таиланд Королдугунун Конституциялык сотунун 2023–2025-жылдар аралыгындагыгы анын АКСАга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө сереп жасалды. Ошондой эле, Ассоциациянын төрагалыгы Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотуна өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Ирактын Жогорку федералдык сотунун АКСАга мүчө болуу боюнча кайрылуусун карап чыгышты. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бул демилгени колдоп, Азия аймагындагы кесиптик кызматташтыктын кеңейишин кубаттады.
АКСА – Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторун жана ага теңештирилген институттарды бириктирген уюм, ал конституциялык сот адилеттигин жана адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык платформа кызматын аткарат.
20.06.2025
Баку шаары, Азербайжан Республикасы
2025-жылдын июнь айы
2025-жылдын 18-19-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева Кыргызстандын делегациясынын курамында Азербайжан Республикасынын Сот-укуктук кеңешинин 20 жылдыгына арналган “Соттук башкаруу жаатындагы глобалдык чакырыктар» темасындагы эл аралык конференциянын ишине катышты.
Конференция Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Судьялар кеңештеринин төрагаларынын үчүнчү кеңешмесинин алкагында өттү.
Иш-чаранын программасы соттук башкаруу жаатындагы глобалдык чакырыктар жана эл аралык заманбап чечимдерге арналган эки панелдик дискуссияны камтыды. Анда сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо, сот тутумун санариптештирүү, адилет сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин сот кеңештеринин тармагын түзүү жөнүндө устав кабыл алынды. Бул Устав мамлекеттер ортосунда укуктук тилектештикти чыңдоону, сот-укуктук системалардын жакындашуусун, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү платформаны түзүүнү, илимий-билим берүү программаларын уюштурууну, судьяларды кесиптик жана этикалык жактан даярдоону, ошондой эле биргелешкен укуктук изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана тажрыйба алмашууну көздөйт.
Мындан тышкары, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган делегациялардын эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.
Иш-сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов менен биргеликте көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
Конференциянын катышуучулары ошондой эле азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана академ...
18.06.2025
2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына байланыштуу уюштурулган «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигин калыптанышы» темасындагы эл аралык конференция өз ишин аяктады.
Бул ири иш-чара конституциялык көзөмөл органдарынын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда ачык жана мазмундуу диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болду. Эки күндүк жигердүү иштин жүрүшүндө катышуучулар өз ара пикир алмашып, тажрыйбалары менен бөлүштү, азыркы конституциялык сот адилеттигинин алдында турган бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Демократиялык институттардын туруктуулугун камсыздоодо конституциялык соттордун ролун бекемдөө, жарандардын кайрылууларын кароо, сот процессин санариптештирүү жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү менен байланышкан темалар өзгөчө кызыгуу жаратты.
Азыркы чакырыктар, анын ичинде технологиялардын тездик менен өнүгүшү, жеке маалыматтарды коргоо зарылдыгы, санариптик укуктар жана жаңы тобокелдиктерге укуктук чара көрүү маселелери өзүнчө бөлүктө талкууланды. Дал ушул маселелерде Конституциянын духун жана маңызын сактоо менен ийкемдүү жана натыйжалуу укуктук механизмдерди табуу маанилүү экендиги белгиленди.
Дискуссиялардын жыйынтыгы боюнча маанилүү келишимге – конституциялык көзөмөл органдарынын ортосунда, өзгөчө санариптик укуктар жана жарандардын жеке эркиндиги сыяктуу чөйрөлөрдө укуктук доктриналар жана ыкмалар боюнча үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууну улантуу форматында – өз ара аракеттенүүнү бекемдөө келишимине жетишилди. Катышуучулар окутуучу иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө, актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгууга жана ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Конференциянын алкагында конституциялык көзөмөл органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Комитетинин (ЕАОКК) жыйыны өтүп, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды жана жаңы демилгелерди ...
17.06.2025
2025-жылдын 17-июну.
Бүгүн, 2025-жылдын 17-июнунда, Baytur Resort курорттук комплексинде «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы» темасындагы эл аралык конференциянын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган.
Расмий ачылыш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды. Президент өз кайрылуусунда туруктуу демократиялык өнүгүүнү камсыздоодо көз карандысыз конституциялык сот адилеттигинин маанилүү ролун баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев куттуктоо сөзү менен кайрылып, конференцияга катышкандыгы үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди жана азыркы чакырыктар шартында чечимдерди биргеликте издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Конференциянын ачылышында төмөнкү расмий өкүлдөр катышуучуларга кайрылуу жасашты:
• Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М.А. Сатыев
• Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Ж.С. Жоробаев
• Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э.А. Азимова
• Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы М.-У.Э. Абдусаломов
• Евразия экономикалык бирлигинин сотунун төрагасы А.А. Дронов
• Монголиянын Конституциялык сотунун төрагасы Б. Гунгаа
• Хорватиянын Конституциялык сотунун төрагасы М. Шепарович
• Филиппиндин Жогорку сотунун башкы судьясы А.Г. Гесмундо (видео кайрылуу)
Ачылыш аземинен кийин пленардык сессиялар башталып, аларда Хорватиянын, Түштүк Кореянын, Румыниянын, Россия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрү доклад менен чыгып сүйлөштү.
Талкууларда конституциялык көзөмөл институттарынын калыптанышы жана трансформациясы, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, ошондой эле соттук практикага заманбап технологияларды интеграциялоо маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле Конституциялык контролдоо органдарынын...