Меню навигации+

Конституциялык сот кассациялык инстанциядагы соттун чечимдерин жүйөлөштүрүүнүн тартибин түшүндүрдү

17.06.2026

2026-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т.А. Алмазбековдун жана В.Е. Гусевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 370-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Кароонун предмети болуп, биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттордун чечимдеринде баяндалган негиздер боюнча сот актысы күчүндө калтырылган учурда кассациялык инстанциядагы сот өз чечимин кайталап жүйөлөштүрүүгө милдеттүү эместигин караган ченем болду.

Ишти кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө Конституциялык соттун Чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган конституциялык-укуктук мааниде карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.