Меню навигации+

Санкт-Петербург шаарында конституциялык көзөмөл жана азыркы глобалдык чакырыктар маселелери боюнча эл аралык конференция өттү

26.05.2026

2026-жылдын 20-майында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун «Конституциялык көзөмөл жана азыркы глобалдык чакырыктар» аттуу эл аралык конференциясы болуп өттү.

 

Конференциянын ишине Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Индиянын, Буркина-Фасонун, Тажикстандын, Өзбекстандын, Абхазиянын, Мьянманын, Казакстандын, Түркиянын жана Таиланддын конституциялык көзөмөл органдарынын, жогорку сот инстанцияларынын жана эл аралык сот институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле илимий-эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

 

Кыргыз Республикасынан конференцияга Конституциялык сотунун судьялары Чинара Айдарбекова жана Лунара Жолдошева катышты.

 

Конференциянын максаты – конституциялык көзөмөл институттарынын алдында турган азыркы чакырыктарды, Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерин, ошондой эле геосаясий өзгөрүүлөрдүн жана санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнүн шарттарында конституциялык сот адилеттигин адаптациялануу маселелерин талкуулоо болду.

 

Конференциянын геосаясий олку-солку шарттарында конституциялык көзөмөл маселелерине арналган биринчи сессиясынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова баяндама жасады.

 

Өз сөзүндө Чинара Айдарбекова азыркы дүйнө укуктук жана саясий терең өзгөрүүлөрдүн мезгилин баштан кечирип жатканын, бул көрүнүштөр эл аралык чыңалуунун күчөшү, санариптик технологиялардын өнүгүшү жана эл аралык укук тутуму үчүн жаңы чакырыктардын пайда болушу менен коштолуп жатканын белгиледи. Анын пикири боюнча мындай шарттарда конституциялык көзөмөл мамлекеттин укуктук туруктуулугун камсыз кылуучу, мамлекеттин укуктук коопсуздугу менен адамдын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоочу маанилүү механизм катары өзгөчө мааниге ээ болууда.

 

Баяндамада жасалма интеллектти өнүктүрүү, санариптик көзөмөл жана маалыматтык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы санариптик технологияларды киргизүүдө конституциялык кепилдиктерди, укуктук аныктык, өлчөмдөштүк принциптерин сактоо жана адамдын кадыр-баркын – эң жогорку конституциялык баалуулук катары коргоо зарылдыгын белгиледи.

 

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн келечегин, глобалдык туруксуздуктун шарттарында конституциялык соттордун ролун, ошондой эле конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы эл аралык кесиптик диалогду чыңдоонун зарылдыгын талкуулашты.