Конституциялык сот Адвокатура жөнүндө мыйзамдын айрым жоболорунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Кайрылууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Этика боюнча комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине сунуштама киргизген. Бул чечимге макул болбогон арыз ээси сотко кайрылган. Биринчи инстанциядагы сот иш боюнча өндүрүштү токтотуп, апелляциялык жана кассациялык инстанциялар бул аныктаманы күчүндө калтырган, ал эми Бишкек шаарынын административдик соту административдик доо арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Арыз ээсинин пикири боюнча, бул категориядагы талаштарды кайсы сот кароого тийиш экендиги боюнча укуктук аныктуулуктун жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген соттук коргонуу укугун ишке ашырууга тоскоолдук жаратууда.
Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-o-prinyatii-tursaliev-m-k-ot-17.06.26.pdf






