Конституциялык сот Жазык-процесстик кодексинин айрым жоболорунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 495-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун, 495-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 496-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.
Кайрылуу өзгөчө укуктук статуска ээ адамдарга карата кылмыш ишин козгоонун жана аларды жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин жөнгө салган жоболорго байланыштуу болгон. Арыз ээсинин пикири боюнча, экс-судья менен адвокаттын статусу бир адамда айкалышкан учурларда атайын процесстик кепилдиктерди колдонуу тартибинин так жөнгө салынбагандыгы укуктук аныкталбагандыкты жаратат.
Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-ob-otkaze-sultanov-ot18.06.26.pdf






