Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституция күнүнө карата сыйлоо аземи өттү

30.04.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата судьялар жана аппараттын кызматкерлери катышкан салтанаттуу жыйын өттү.

 

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев катышуучуларды алдыдагы мамлекеттик майрам менен куттуктап, Конституциянын мамлекеттин укуктук негиздерин аныктаган, ошондой эле  адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине кепилдик берген негизги мыйзам катары өзгөчө ролун белгиледи. Ал өз сөзүндө: “Конституция коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи, ошондой эле анын жоболору ар бир жарандын турмушунда практикалык ишке ашырылышы керек”- деди.

 

Куттуктоо сөздөрү менен ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Мукамбет Шадыканович Касымалиев жана Лунара Чаткалбековна Жолдошева чыгып сүйлөп, Конституциянын маанилүү укуктук багыт берүүчү документ катары маанисин белгилеп, анын инсан, коом жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуудагы ролун баса көрсөтүштү.

 

Конституциялык сот өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Конституция күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ведомстволук сыйлыктары менен төмөнкү адамдар сыйланды:

 

«Кызматташтык үчүн» Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун медалы менен:

Копоев Замирбек Каныбекович — Чүй облусунун ИИББнин «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспорту бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен:

• Сулайманов Атабек Абдышевич — Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы;
• Джаналиев Рысбек Молдошевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
• Осмоналиев Чингиз Шаршеналиевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
• Бокоев Тимур Орозалиевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

 

Сыйлоо аземинде сыйлык ээлеринин ишмердүүлүгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана тиешелүү тармактарда укуктук практиканы өнүктүрүү менен байланыштуу экендиги белгиленди.

 

Иш-чара иштиктүү жана майрамдык маанайда өтүп, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуя катары Конституция күнүнүн мааниси баса белгиленди.