Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрү Корея Республикасында өткөн AКСА SRDнин 5-изилдөөчүлүк конференциясына катышты

01.06.2026

2026-жылдын 18–21-май күндөрү Сеул шаарында (Корея Республикасы) Азиянын конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын Изилдөөлөр жана өнүктүрүү боюнча катчылыгынын (AКСА SRD) 5-изилдөөчүлүк конференциясы өтүп, анда конституциялык укуктун актуалдуу жана учурдагы маселелери талкууланды.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан аппарат жетекчисинин орун басары – укуктук жана аналитикалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Жайнагүл Аширматова жана укуктук жана аналитикалык камсыздоо башкармалыгынын консультанты Нуркыз Жанышбекова катышты.

 

Конференциянын программасы төрт тематикалык сессиядан турду. Биринчи сессия Ассоциацияга мүчө мамлекеттерде 2018-жылдан тартып киргизилген же сунушталган конституциялык өзгөртүүлөргө арналды. Экинчи сессияда конституциялык көзөмөл органдарынын конституциялык принциптердин өнүгүшүнө, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого, мамлекеттик институттардын иштешине жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна олуттуу таасир тийгизген эң маанилүү чечимдери каралды. Үчүнчү сессиянын алкагында өзгөчө конституциялык мааниге ээ болгон мыйзамдык өзгөртүүлөр, анын ичинде конституциялык көзөмөл органдарынын чечимдерин аткаруу максатында кабыл алынган мыйзамдар талкууланды. Жыйынтыктоочу сессия конференциянын жыйынтыктарын чыгарууга, пикир алмашууга жана конституциялык укук жаатындагы мындан аркы изилдөөлөрдүн келечектүү багыттарын талкуулоого арналды.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык укуктар чөйрөсүндөгү негизги чечимдери» деген темада баяндама жасады.

 

Баяндамада Конституциялык соттун адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо, күнөөсүздүк презумпциясынын принцибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыш-жаза мыйзамдарындагы доонун эскирүү мөөнөттөрү институтун  колдонуу маселелери боюнча маанилүү укуктук позициялары сунушталды.

 

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелеринин сакталышын камсыз кылууга, адамдык ар-намыстын кепилдиктерин бекемдөөгө жана негизги конституциялык баалуулуктарды коргоого багытталган Конституциялык соттун укуктук позицияларына бурулду. Ушул өңүттө Конституциялык соттун өлүм жазасын кылмыш-жаза чарасы катары кайра киргизүүгө жол берилбестиги жана адам укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктеринин деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбестиги тууралуу корутундулары белгиленди.

 

Иш-чаранын жыйынтыгында Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, кесиптик диалогду өнүктүрүүнүн жана мыкты тажрыйбаларды алмашуунун мааниси белгиленип, бул адам укуктарын конституциялык коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана конституционализм принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрү баса көрсөтүлдү.