Меню навигации+

Болочок юристтер Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышты

15.05.2026

14 жана 15-майда, Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 1-курсунун студенттери жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин 2-курсунун студенттери үчүн экскурсия уюштурулуп, жолугушуу болуп өттү.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө болочок юристтер Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, анын тарыхы,  ишинин негизги багыттары жана конституциялык көзөмөл органынын Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу, ошондой эле коомдо укуктук сабаттуулукту чыңдоодогу ролу менен таанышты.

 

Студенттерге  кайрылууларды кароо тартиби, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилип, сот жыйындары өтүүчү зал жана соттун жумушчу орундары көрсөтүлдү. Конституциялык сот тарабынан иштерди кароонун жана анын айрым чечимдерин кароо практикасына өзгөчө көңүл бурулуп, бул туурасында  иш-чаралардын катышуучуларына кеңири түшүндүрүлдү.

 

Студенттердин Конституциялык соттун судьясы Жамиль Асанбекович Шаршеналиев  жана Чинара Аскарбековна Айдарбекова менен болгон жолугушуусу өзгөчө кызыгуу жаратты. Ачык диалог форматында судьялар өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, конституциялык баалуулуктардын мааниси, юридикалык кесиптин орду, мыйзамды урматтоонун мааниси, ошондой эле болочок юристтер үчүн туруктуу кесиптик  өнүгүүнүн жана жоопкерчиликтин жогору болушунун зарылдыгы тууралуу айтып беришти.

 

Студенттер аларды кызыктырган  суроолорду активдүүлүктө берип, судьянын ишинин практикалык аспектилери жана Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттигинин өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

 

Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга, Конституцияны жана мыйзамды урматтоо сезимин калыптандырууга, ошондой эле студенттердин конституциялык укук жана сот адилеттиги маселелерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.