Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен КУУ юридикалык билим берүүнүн келечегин талкуулашты

19.06.2026

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте «Келечектеги юристтерди даярдоодо юридикалык илимдин, билим берүүнүн жана укук колдонуу практикасынын өз ара байланышы» аттуу илимий-практикалык тегерек стол өткөрүштү.

 

Иш-чара Конституциялык соттун өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдарды ишке ашыруудагы кезектеги кадам болду. Анын негизги максаты –  юридикалык кадрларды даярдоонун заманбап ыкмаларын талкуулоо жана билим берүү чөйрөсү менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык механизмдерин иштеп чыгуу болду.

 

Тегерек столдун ишине судьялар коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, юридикалык факультеттердин окутуучулары, окумуштуулар, практик юристтер, ошондой эле студенттер жана жаш изилдөөчүлөр катышты.

 

Катышуучулар мыйзамдардын жана коомдук мамилелердин тездик менен өзгөрүп жаткан азыркы шарттарында юрист кандай болушу керектигин, юридикалык билим берүүнү кантип практикага жакын кылуу керектиги, илимдин, билим берүүнүн жана укук колдонуу практикасынын мүмкүнчүлүктөрүн кандайча бириктирүү керектигин талкуулашты.

 

Ошондой эле актуалдуу сот практикасын, азыркы чакырыктарды жана укуктук системанын муктаждыктарын эске алуу менен юридикалык адистиктеги студенттерди даярдоонун биргелешкен програмаларын иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Катышуучулар жогорку окуу жайлары менен мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусу – теориялык билимге гана эмес, ошондой эле натыйжалуу кесиптик иш үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөргө ээ  адистерди даярдоого мүмкүндүк берерин белгилешти.

 

Талкуунун жыйынтыгында тараптар юридикалык билим берүүнү өркүндөтүү жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу юристтерди даярдоо боюнча мындан ары да биргелешип  иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.