2018-жылдын 14-15-декабрларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Т. Мамыров Стамбул шаарындагы «Укук үстөмдүгүн жана пайдубал укуктарды коргоодо жогорку сот бийлигинин ролу» темасындагы эл аралык конференцияга катышып келди.
Конференцияда куттуктоо сөзү менен Туркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган чыгып сүйлѳдү. Конференцияны негизги максаты конструктивдүү жана жемиштүү диалог үчүн юридикалык платформаны түзүү, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө болгон мамлекеттердин конституциялык/жогорку соттор/кеңештер жана ага шайкеш институттар арасында кызматташууну кеңейтүү болуп саналган.
Конференция Туркия Конституциялык соту тарабынан уюштурулган жана анын ишине ИКУга мүчө/байкоочу болгон 42 мамлекеттин конституциялык/жогорку сотторунун/кеңештеринин жана ага шайкеш институттардын башчылары катышкан.
Конференциянын сессиялык отурумдарында укук үстөмдүгү жана конституциялык сот тажрыйбасындагы адам укуктары, жогорку сот органдарында адам укуктарын жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоо ишинде ааламдык жана ички динамика маселелери талкууланган.
Кы...






