Меню навигации+

Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

19.06.2020

Ж.А. Шаршеналиевдин судья болуп шайланганына жана кворумдун болгондугуна байланыштуу Конституциялык палата иштерди кароого киришип, 2020-жылдын 18-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Мыйзам чыгаруучу баланы асырап алуучулар катарына кимдер кирерин аныктоо менен, андай асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш деп чектөө койгон (Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгү). Курагы 60 жаштан ашкан баланын туугандары, камкорчусу же көзөмөлчүсү болгон адамдар гана баланы асырап алуучу боло алышат. Ошентип, балдардын укуктарынын, анын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибинин бирдейлик укуктарынын принциптери жана кодуланууга тыюу салуу менен салыштырмалуулук мамилеси өзгөчө мааниге ээ боло баштайт, анткени жеке жана коомдук кызыкчылыктар ортосундагы гана эмес, алардын ичиндеги пайда болуучу конфликттерди чечүүдө Конституциянын көз карашынан алып кароо менен буга карата жол берилүүчү мамилелердин маңызынын ачылышы талап кылынат.

 

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин көп түрдүүлүгүн эске алганда алардын күнүмдүк жашоо-тиричиликте кайчылашып туруусун болтурбай коюуга болбойт, демек, алардын ортосундагы карама-каршылыктарды жана конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Ошон үчүн мамлекеттик бийликтин үч бутагынын, биринчи кезекте конституциялык контролдоо органынын башкы милдети болуп бир конституциялуулук баалуулукту башкасынын пайдасына жокко чыгарбастан же кемитпестен ушул өңдүү кырдаалдардан натыйжалуу чыгууда турат.

 

Конституция өзүнүн жыйындысында гана инсандын конституциялык бүтүндүгүн камсыз кылуунун жөндөмдүүлүгү аркылуу ар-бири жогорку баалуулук болгон адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери ортосунда иерархияны белгилебейт. Ушуга байланыштуу, ченем жаратуучу жана укук колдонуучу органдар ортосунда ар-биринин кызыкчылыктар тен салмактуулугун кармап туруу коомдук мамилелердин болушунча шайкештикке жетишүүгө жол берген өз ара мындай салыштырмалуулукту белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылуусу керек.

 

Бир жагынан, заманбап демократиялардын базалык баалуулуктары болуп бирдейлик принциптери жана кодулоого тыюу салуу саналат, башка жагынан болсо, баланын укуктары менен эң мыкты кызыкчылыктарынын биринчи кезекте болуусу өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринен келип чыгат жана коомдун социалдашуусу даражасын чагылдырат. Демек, мамлекет ушул конституциялык баалуулуктардын бирине дагы сыртын салууга укуктуу эмес жана бирин жокко чыгарууга же кемсинтүүгө алып келбеген салыштырмалуулукту ортодон калыптандырууга милдеттүү.

 

Ушул сыяктуу укуктук кырдаалдарды чечүүдө өзөктүү болуп кабыл алынып жаткан укуктук жөнгө салуунун конкреттүү милдетин туура аныктоо саналат жана ушуга байланыштуу кайсы жалпыга таанылган укук алдыңкы мааниге ээ болуп калат. Мындай учурда башка укуктар менен эркиндиктердин жүзөгө ашырылуусунун толуктугу алдыңкы милдетке жетишүүгө тоскоолдук туудурбаган өлчөмдө мүмкүн боло баштайт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлчөмдөштүк шарттар сөзсүз сакталганда жана мамлекеттик максатка ылайыктуулукту көздөө белгилери болбогондо, чектөө чараларын колдонууга жол берет.

 

Балдар – калктын өзгөчө аяр жана анчалык корголбогон категориясы, алардын укуктарын камсыз кылуу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген баланын эң мыкты кызыкчылыктарынын принцибин толук кандуу жүзөгө ашырылуу зарылдыгы баланын укуктар чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууну жана мамлекеттик саясатты аныктоону болжойт. Конституцияга ылайык ар-бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу, баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт (36-берененин 2, 3-бөлүктөрү). Асырап алуу ата-эненин камкордугунан куру калган баланын кызыкчылыктарын коргоонун, үй-бүлөдөгүдөй шарттарды ага түзүүнүн жана анын мээрим алууга муктаждыгын жана такай кам көрүлүүгө муктаждыгын канааттандырууга укугунун жүзөгө ашырылуусунун негизги формасы болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын пикири боюнча балдарды асырап алууда жаш куракка чектөөнүн каралып жаткан учурда коюлушу баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу максаты менен шартталган.

 

Мындай укуктук жөнгө салуу баланын укуктар менен кызыкчылыктарынын биринчи кезекте орундалуусунун принциптеринин, ата-энелердин жана алардын баскан адамдардын милдеттеринин, ошондой эле мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркиндиктерин кайтаруунун жана коргоонун жүзөгө ашырылуусунун камсыз кылат. Демек, асырап алуучулардын укуктарынын жүзөгө ашырылуусу бала үй-бүлөлүк мамилелердин өзгөчө аярлуу субъекти катары, анын укуктары менен кызыкчылыктарын сөзсүз сакталуусунун көз карашынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

Расмий маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында эркектердин өмүрүнүн узактыгы 69 жаш, аялдардыкы 79 жаш. Ошол эле учурда, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен пенсиялык курак эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш деп белгиленген, ошентип жарандардын көбүнө таандык болгон адамдын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн жаш курактык чеги көрсөтүлгөн.

 

Курагы 60 жашка жеткен адамдарга асырап алууга уруксат берилген учурда, алар өзүнүн жаш курагына, физикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөр менен шартталган мүмкүнчүлүктөргө ылайык ата-энелик милдеттерин толук кандуу жүзөгө ашыруусу кыйын, ал эми айрым учурларда мүмкүн эмес болуп калуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбайт. Андан тышкары, бала өз алдынча жашай ала турган жаш курагына жеткенге чейин кайталап жетим болуп калуу жогорку коркунучу баланы коргоонун үзгүлтүксүз жана туруктуулук, ага кам көрүү жана аны тарбиялоо сапаттарынын бузулушуна, мамлекет тарабынан баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин аткаруусу анын социалдык адаптациясын кыйындатып, орчундуу татаалдыктарга алып келиши мүмкүн.

 

Демек, мыйзам чыгаруучу тарабынан конституциялык баалуулуктарды тең салмактоо максатында өзүнүн дискрециясы алкагында акылга сыярлык жана өлчөмдөштүк критерийлерине жооп берген чектөөнү укуктук каражат катары пайдаланылган жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого болгон конституциялык маанилүү максат менен шартталган, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес.