Меню навигации+

Конституциялык палатанын жамаатына жаңы судья тааныштырылды

08.06.2020

Бүгүн, 8-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү К.С. Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 4-июнунда 7 жылдык мөөнөткө Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган Ж.А. Шаршеналиевди Конституциялык палатанын жамаатына тааныштырып кетти.

 

К.С. Дыйканбаевдин пикири боюнча Ж.А. Шаршеналиев илимий-юридикалык коомчулукта кеңири таанымал инсан жана анын академиялык билимдери конституциялык контролдоо органынын ишмердигине тийиштүү салым алып келе алат.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев Ж.А. Шаршеналиевдин атасы Асанбек Шаршеналиевич Шаршеналиев Конституциялык соттун биринчи төрагасы болгонун жана ушул органды калыптандыруунун башында турганын белгиледи. Учурда, конституциялык контролдоо органы мамлекеттик бийлик органдар тутумунда өзөктүү орунга ээ, чечимдери токтото туруу жана теңсалмактуулук тутумунун бирдей иштеши үчүн өзгөчө маанилүү.

 

Андан ары, КР Президентинин соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти М.А. Арстанбеков Ж.А. Шаршеналиевдин ишине кесипкөй ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап куттуктады.