Меню навигации+

Самаркандда судьялардын Экинчи Борбордук-Азиялык диалогу өткөрүлүп жатат

06.03.2020

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев ушул күндөрү (учурдагы жылдын 5-6-марты) Самаркандда өткөрүлүп жаткан судьялардын Экинчи Борбордук-Азиялык диалогунун ишине катышууда.

 

Бул платформа пикирди эркин билдирүүгө жана ММКга, ошондой эле улуттук коопсуздукту коргоо, террорчулукка каршы күрөшүү жана азчылыктарды коргоо максатында салынуучу чектөөлөргө тийиштүү иштерди кароодо улуттук судьялардын чечүүчү ролун колдоого чакырылган.

 

Судьялардын экинчи Борбордук-Азиялык диалогунда күч колдонгон экстремизмге жана радикализацияга каршы аракеттерди жүргүзүү боюнча акыркы мыйзам чыгаруучулук тенденцияларды, этнос аралык чагымчылыкка жана диний чогоолдукка, ошондой эле жалаа жабуу жана кемсинтүүгө каршы укуктук чараларды карап чыгуу пландаштырылууда. Уюштуруучулардын пикири боюнча ушул тематиканы тандоонун негизги себеби болуп жаңылыктар онлайн-ресурстарында жана социалдык тармактарда кемсинтүүчү, мыйзамсыз контенти жөнүндө иштерди байма-бай каралышы келип чыккан.

 

Эскерте кетсек, судьялардын биринчи жолугушуусу Бишкек шаарында 2018-жылдын 19-декабрында болуп өткөн, ал жерден улуттук судьялар өңчөй иштердин кароо тажрыйбасы жана практикасы менен алмашкан.