Меню навигации+

Жаңылыктар

06.07.2013
Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуусу болду. Президент судьяларды Конституциялык палатанын ишинин башталышы менен куттуктап, жаӊы шайланган Конституциялык палатанын курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ак ниет жана жан дили менен кызмат кылат, конституциялык мыйзамдуулуктун принциптерин милдеттүү түрдө колдонот жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин эффективдүү коргойт деген үмүтүн билдирди. (more…)
05.07.2013
Конституциялык палатанын судьялары Ч. Айдарбекова жана К. Сооронкулова Европа Кеңешинин министрлер комитетинде Армениянын төрагалык болуусунун алкагында Ереван шаарында өтүп жаткан «Европа Кеңешинин мүчө-мамлекеттеринде укуктун үстөмдүгүнүн Европалык стандарттары жана бийликтин ыктыярынын чеги»  эл аралык конференцияга катышып келишти. Конференциянын ишине адам укуктары боюнча Европалык соттун төрагасы Д. Шпильман, Венециялык комиссиянын төрагасы  Дж.Буккикио, ошондой эле 32 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан 80ден ашык өкүлдөр катышышкан. (more…)
02.07.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси дайындалды. Чилдебаев Таштемир Абазович Конституциялык палатанын  төрагасынын буйругу менен аппаратты жетектеди.
01.07.2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча биринчи жыйыны болуп өттү. Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдү жүргүзүүчү жогорку сот органынын тарыхында биринчи жолу жетекчи кызмат адамдары түздөн-түз судьялар тараптан шайланышты. (more…)
28.06.2013
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө кирди. (more…)