Меню навигации+

Венеция комиссиясынын 115-пленардык сессиясы болуп өттү

25.06.2018

Учурдагы жылдын 22-23-июнь күндөрү Венецияда Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) 115-пленардык сессиясы  болуп өттү. Пленардык сессиянын ишине Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров катышып келди.

 

Сессиянын жүрүшүндө Венеция комиссиясынын мүчөлөрү саясий уюмдарды каржылоого, шайлоо системасына, коммерциялык эмес уюмдардын ишмерлигине, сот системасынын реформасына тийиштүү айрым өлкөлөрдүн мыйзам долбоорлору боюнча бир катар корутундуларды талкуулашты жана аларды кабыл алышты. Комиссия мүчөлөрүнѳ Казакстандагы конституциялык реформа жана мыйзамдар жаатында көрүлүүчү чаралар, ошондой эле Франциянын Конституциясына болжолдуу өзгөртүүлөр тууралуу да маалымат берилди.

 

Сессия учурунда Венеция комиссиясынын Европа Кеңешинин Министрлер комитети, Парламенттик ассамблея, Жергиликтүү жана аймактык бийликтер конгресси, ошондой эле Европа судьяларынын консультативдик кеңеши менен өз ара иштешүү маселелери да каралган.