Меню навигации+

«Адилет-2018» конституциялык сот адилеттиги боюнча экинчи республикалык окуу соту болуп өттү

04.06.2018

Учурдагы жылдын 31-майында Борбордук Азиядагы Америкалык университетте «Адилет – 2018» конституциялык сот адилеттиги боюнча экинчи республикалык окуу соту болуп өттү, ага БААУнун, КР ИИМ Академиясынын, КРСУнун, КМУУнун, КР Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын, ЭБУФББАнын, КЭУнун, Ала-Тоо эл аралык университетинин жана ОШМЮИнин командалары катышты.

Конкурс аябай кеңири таралган жана чет өлкөдө юристтерди практикалык жактан дайындоонун ийгиликтүү ыкмаларынын бири – «Moot court» конституциялык сот процессинин оюн түрүндө өткөрүлгөн.

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары К.М. Киргизбаев иш-чараны ачып жатып, бул мелдеш нагыз көндүмдөрдөн тышкары студенттердин конституционализм жаатындагы деңгээлин көтөрүүгө көмөк болот деп белгилеп кетти. Ошону менен бирге, ал студенттер оюн түрүндөгү окуу соту процессинде арыз ээси катары кайрылууну же жоопкер тарап катары каршы пикир даярдоонун жүрүшүндө укуктук ченемдерди интерпретациялоо боюнча көндүмдөрдү калыптандырууга, укуктук анализди, укуктук аргументацияны, эл алдына чыгып сүйлөө сыяктуу кесипкөй ыкмаларды ж.б. өрчүтүүгө жардам берет деп белгиледи.

Конкурска аталган ЖОЖдордун 18 командасы катышты, иштин алдын ала берилген фабуласы боюнча оюн болгон конституциялык сот өндүрүшүндө 9 команда кайрылуучу тарап болду, 9 команда жоопкер тарап болду. Студенттер чыгып сүйлөө мезгилинде чечендик өнөр көндүмдөрүн, укук билимдердин, фактылар менен иштөө ыкмаларын көрсөтүштү. Катышуучуларды Конституциялык палатанын судьялары жана анын Аппаратынын кызматкерлери баалашты. Конкурстун жыйынтыгы боюнча БААУнун командасы 1-орун, КРСУнун командасы 2 орун ээледи. Команандалар атайын белектер менен сыйланышты, ал эми жеңүүчүлөр «Адилет-2018» атайын кубогу менен сыйланышты.

Иш-чара Боробордук Азиядагы Америкалык университети тарабынан Конституциялык палата жана Кыргыз Республикасында сот системасын бекемдөө боюнча USAID/IDLO программасы менен биргеликте өткөрүлгөн. Бул конкурс экинчи жылы удаа өткөрүлүп жатканын эскертебиз, негизги максаты Кыргыз Республикасында конституционализм жана укук үстөмдүгү принциптерин бекемдөө жана популяризациялоо болуп саналат. Бул конкурс юрист студенттер үчүн өзүнүн теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн пайдаланууга жана конституциялык сот өндүрүшү жаатында билим деңгээлин жогорулатууга реалдуу мүмкүнчүлүк болду.