Меню навигации+

Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушту

07.05.2018

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 5-майда Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушту.

 

Мамлекет башчысы судьяларды жана кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.

 

Президент Кыргызстан  укуктук мамлекет курууга умтулуп жаткандыгын жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин баса белгиледи.

 

“Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш. Өлкөнүн Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги”,- деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Мамлекет башчысы конституциялык ченемдерди бекем сактап, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын судьяларынын жоопкерчилиги жогору экендигин баса белгиледи.  Ошону менен бирге жарандардын саясий укуктарын жана эркиндигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо аларга негизги милдеттер жүктөлгөндүгүн белгиледи. Президент мыйзамдарды бекем сактап, конституциялык принциптерден жана  ченемдерден тайбай, адилет чечимдерди кабыл алуунун мааниси тууралуу эскертти.

 

“Биздин өлкөдө Мыйзам  баарынан бийик, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров Президент Сооронбай Жээнбековго Конституциялык палатанын судьяларын жана аппарат кызматкерлерин Конституция күнү менен куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Конституциялык палатанын судьялары Конституцияда аларга жүктөлгөн жогорку жоопкерчиликти түшүнѳѳрүн жана Конституция менен конституциялык мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн бардык билимдер менен күчтөрүн жумшай тургандыгын белгилеп кетти.