Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын салтанаттуу ачылышы болуп ѳттү
Бүгүн чоң оңдоо-түзѳѳ иштери ѳткѳрүлгѳндѳн кийин Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышы болуп ѳттү. Ачылыш аземинде КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д. Эсеналиев, КР Жогорку сотунун тѳрайымы Г. Калиева, КР Юстиция министри М. Джаманкулов, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Йекта Камиль Ноян, Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташтык жана өнүгүү боюнча Түрк башкармалыгынын (TIKA) Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Конституциялык палатанын судьялары жана башкалар катышышты. (more…)






